Күлайым

Википедия дан

Күлайым, Гүлайым — «Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, перинин кызы Акберметтин курдашы. Сейтек Акберметке үйлөнгөндө, К. Акжолтойго турмушка чыгат. Акбермет төрөгөндө жардамдашып, Кенендин киндигин К. кесет (Саякбай Каралаев, «Семетей», 315).

Күлайым, Канышай, Айганыш, Күлжар, Күлканыш, Айымкүл — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Көкөтөйдүн аялы. Көкөтөй өлгөндө, Көкөтөйгө аш бергени Каркырага көчкөндө К-га кошуп алтымыштай катынга кара кийгизип, кошок айттырып жүрүп отурганы баяндалат (Саякбай Каралаев, 2. 7, 11).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4