Күүгүм. Сага: Агарган таң — 2-бөлүк

Википедия дан
Күүгүм. Сага: Агарган таң — 2-бөлүк
The Twilight Saga: Breaking Dawn — Part 2
Жанры

драма
фэнтези
мелодрама

Режиссёру

Билл Кондон

Продюсери

Вик Годфри
Стефани Майер
Карен Розенфелт

Сценарийдин
автору

Роман:
Стефани Майер
Адаптация:
Мелисса Розенберг

Башкы ролдордо

Роберт Паттинсон
Кристен Стюарт
Тэйлор Лотнер

Оператору

Гилермо Наварро

Композитору

Картер Бёруэлл

Кинокомпания

Summit Entertainment

Узактыгы

115 мүнөт

Бюджети

120 млн.$

Кирешеси

829 746 820 $[1]

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2012

Мурдагы тасма

Күүгүм. Сага: Агарган таң — 1-бөлүк

IMDb

ID 1673434

«Күүгүм. Сага: Агарган таң — 2» (англ. Twilight Saga: Breaking Dawn — Part 2) — Режиссёр Билл Кондондун көркөм тасмасы.Стефани Майердин «Агарган таң» романынын, экрандаштырылган экинчи бөлүгү[2].Бул тасма аталган бестселлердин акыркы бөлүгү болуп эсептелет.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Вампирге айланган Белланы Эдвард алардын жашоосуна көндүрүп, күчүн чеги менен пайдаланып, напсисин көзөмөлдөөгө үйрөтөт. Жаңы гана вампирлердин катарына кошулган Белла токойдогу жырткыч айбандар менен тамактанат. Түбөлүктүү жашоону тандаган Белла сүйүктүүсү Эдвард жана кызы Ренесми менен бактылуу жашоону башташат. Эдвард да Беллага “кандай сонун, эми биздин дене табыбыз бир!” деп өзүн ааламдагы эң бактылуу вампир сезет, бирок көп узабай тирешүүлөр күч алат. Анткени экөөнүн кызы Ренесми тууралуу кабар Вольтуриге[3] жетет. Вампирлердин мыйзамы боюнча, аларга наристелүү болууга тыюу салынган болот. Себеби наристе вампирлер абдан кооптуу, өздөрүнүн жасаган кыймыл-аракетине жооп беришпейт, кан соргучтардын сырын сактай алышпайт. Бирок Ренесми апасы Белла вампир эмес, кадимки адам кезинде төрөлгөндүктөн, толук вампир болуп эсептелбейт болчу. Вольтури армиясын чогултуп, Эдварддын үй-бүлөсү Каллендерди жок кылганы келет. Алардын үй-бүлөсү да дүйнөнүн туш тарабынан касиеттүү күчтөргө ээ кан соргучтарды чогултуп, кол топтой башташат. Согушканы эмес, Вольтури акимдерин Ренесминин вампир эмес экендигине ынандырганы. Эки жээкте бет маңдай турган Вольтурилер менен Каллендер аёосуз согушууга даяр турат. Бирок белгисиз себептерден улам качып кеткен Эдварддын эжеси Элис (келечекти алдын ала көрүүчүлүк жөндөмү бар) Вольтурилердин башчысына келип, согуш анын өлүмү менен аяктаарын көрсөтөт. Тасманын кульминациясы – дал ушул Элистин келечекти көрүүсүндө. Вольтурилер менен Каллендердин согушу, Элистин эле көрүүсү менен эскертүү катарында токтошот. Тасма соңунда Вольтурилер Ренесминин вампир эместигине ынанышып, өз жолуна түшүшөт. Ал эми саат сайын чоңойгон Ренесми акыры Жейкоб менен каларын Элис алдын ала көрөт.

Тасманын уландысы болушу мүмкүн[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул тасмада Белла менен Эдвардтын окуялары толук бүтөт.Ал эми Элестин келечекти көрүүсүндө, Ренесми акыры Жейкоб менен каларын, тасма соңунда чагылдырылат.Айрым маалыматтар боюнча, Эдвард менен Белланын кызы Ренесми жана кубулма карышкыр Жейкобдун махабаты жөнүндө эки китеп жазылары айтылат.Мындай маалыматтар расмий түрдө айтылбаганы менен, окуянын уландысы бар болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандар жана Тасма[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баары үчүн түбөлүктүүдөй сезилген “Күүгүмдүн” бүтүшү көрөрмандарды гана эмес, актёрлорду да жашытты. Өз сөзүндө Кристен Стюарт: “Фильмди тарткан чыгармачыл топту аябай сагынам. Жашоомдун эң бир таттуу көз ирмемдери ушул топ менен өттү. Мен үчүн бул чоң сабак жана тажрыйба”,- деген оюн айткан. Тасманын баш каармандары Роберт Паттинсон менен Кристен Стюарттын сүйүү мамилеси тасма талаасында башталган. “Күүгүмдүн” акыркы бөлүмүн жайылтуу турнесинде актёрго журналисттер сүйүктүүсү Кристендин чыккынчылыгын кантип кечиргендигин сурап, жооп алганга далалат кылышкан. Бирок актёр интервьюларда тасманын тегерегинде гана жооп берерин айтып, жеке суроолордон баш тартып койгон. Кошумчалай кетсек, Кристен үй-бүлөлүү режиссёр Руперт Сандерс менен кетип, Роберттин көзүнө чөп салгандыгын жар салып, жакын адамдарынын көңүлүн кирдеткени үчүн кечирим сураган болчу. Айрым басылмалар “Күүгүмдүн” аякташы менен Роб менен Кристендин мамилелери өз марасына жетти дешкен.

Кызыктуу маалыматтар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Күүгүм. Сага. Агарган таң-2” тасмасы биринчи бөлүмү менен кошо тартылган. Тартуу иштери 2010-жылдын 1-ноябрында башталып, 2011-жылдын 11-апрелинде аяктаган.
  • Тасма АКШнын Луизиана штатында, Канаданын Ванкувер, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарларында тартылган.
  • Тасманын айрым эпизоддорунда анимациялык наристе колдонулса, кээде үч жумалык ымыркайды тартышкан.Себеби актриса Кристен Стюарт “чыныгы наристе менен аткарганга оңой” деп режиссёрду көндүргөн.
  • Актриса Маккензи Фой (Ренесми) тартуу учурунда колуна дайыма идиш көтөрүп жүргөн. Ким анын көзүнчө маданиятсыз сөздөрдү сүйлөсө, айыпка жыгылып, идишке акча салып турушкан. Бул идеяны кичинекей актрисага режиссёр Билл Кондон айтыптыр. Чогулган акчалардын баары балдар бейтапканасына которулган.

Саундтректери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1. Where I Come From — Passion Pit;
  • 2. Bittersweet — Ellie Goulding;
  • 3. The Forgotten — Green Day (титрлери);
  • 4. Fire In The Water — Feist (Белланын жана Эдвардтын түнү);
  • 5. Everything And Nothing — The Boom Circuits;
  • 6. The Antidote — St. Vincent (армрестлинг);
  • 7. Speak Up — POP ETC (Элистин көрүүсүндөгү жана Каллендер үйүндөгү финалдык сцена);
  • 8. Heart of Stone — Iko ;
  • 9. Cover Your Tracks — A Boy and His Kite;
  • 10. Ghosts — James Vincent McMorrow;
  • 11. All I've Ever Needed — Paul McDonald & Nikki Reed;
  • 12. New For You — Reeve Carney;
  • 13. A Thousand Years (Part Two) - Christina Perr;
  • 14. Plus Que Ma Propre Vie — Carter Burwell;
  • 15. My love - Sia

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Worldwide The Twilight Saga: Breaking Dawn — Part 2
  2. Назначена дата премьеры фильма «Сумерки. Сага. Рассвет» — новости о звездах кино на KINO.ukr.net. Текшерилген күнү 24 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 16 -июль (теке) 2010.
  3. Италияда жашаган байыркы вампирлердин уруусу, ал урууда жалаң күчтүү вампирлер чогулган. Вампирлер арасында мыйзамды сактоочу кызматты аткарат

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Күүгүм