Мазмунга өтүү

Роберт Паттинсон

Википедия — ачык энциклопедия
Роберт Паттинсон
Robert Pattinson

Роберт Паттинсон 2017-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Роберт Томас Паттинсон
Robert Thomas Pattinson

Туулган датасы:

13 -май 1986(1986-05-13) (39 жаш)

Туулган жери:

Лондон, Улуу Британия

Жарандыгы:

 Улуу Британия

Кесиби:

актёр , ырчы

Карьерасы:

2004 — азыркы учурда

IMDb:

ID 1500155

Роберт Паттинсон (англ. Robert Pattinson) — 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында туулган.Англиялык актёр, модель жана музыкант[1].

Роберт Томас Паттинсон 1986-жылы 13-майда Англиянын Лондон шаарында туулган[2].Роберт 12 жашка толгондо апасы уулунун актёрлукка болгон шыгын байкап тааныштары аркылуу театрга киргизген. Паттинсон 18 жашында бир нече кастингге барып жүрүп акыры “Нибелунгдардын шакеги” аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Аталган тасма 2004-жылы чыккан соң бир жыл өткөндөн кийин, “Гарри Поттер жана оттун кубогу” тасмасына тартылууга киришкен. 2007-жылы Summit Entertainment Паттинсон “Күүгүм” тасмасында Эдвард Каллин аттуу вампирдин ролун аткарарын жарыялаган. Тасмада актёр өзүнүн ролун жеткиликтүү аткарып, болуп көрбөгөндөй атак-даңкка жеткен. Ал 2009-жылы жана 2012-жылы "MTV Movie Awards" сыйлыктарын алган.

Тасмаграфиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
2004 т Нибелунгдардын шакеги Ring of the NibelungsГизелхер
2005 т Гарри Поттер жана оттун кубогу Harry Potter and the Goblet of FireСедрик Диггори
2006 т Куугунтуктоочу Тоби Жагг The Haunted AirmanТоби Жагг
2007 т Гарри Поттер жана Феникс Ордени Harry Potter and the Order of the PhoenixСедрик Диггори
2007 т Жаман апанын күндөлүгү The Bad Mother’s HandbookДэниэл Гейл
2008 т Жайкы үй Summer HouseРичард
2008 т Күүгүм TwilightЭдвард Каллен
2008 т Олдоксон курак How to BeАрт
2008 т Өткөөл мезгилдеги жаңырыктар Little AshesСалвадор Дали
2009 т Күүгүм. Сага. Жаңырган ай The Twilight Saga: New MoonЭдвард Каллен
2010 т Мени эсте Remember MeТайлер Хоукинс
2010 т Күүгүм. Сага. Тутулган The Twilight Saga: EclipseЭдвард Каллен
2011 т Күүгүм. Сага: Агарган таң — 1-бөлүк The Twilight Saga: Breaking Dawn - Part 1Эдвард Каллен
2011 т Пилдер суусу! Water for ElephantsЖейкоб Жанковски
2012 т Сүйүктүү досум Bel AmiЖорж Дюруа
2012 т Күүгүм. Сага: Агарган таң — 2-бөлүк The Twilight Saga: Breaking Dawn - Part 2Эдвард Каллен
2012 т Космополис CosmopolisЭрик Пэкер
2013 т Миссия: Кара тизме Mission: BlacklistЭрик Мэддокс
2014 т Ровер The RoverРейнолдс
2014 т Жылдыздардын картасы Maps to the StarsЖером Фонтана
2015 т Өмүр LifeДеннис Сток
2015 т Балачактын лидери The Childhood of a Leader
2015 т Чөлдүн Королевасы Queen of the DesertТомас Эдвард Лоуренс
2016 т Жоголгон шаар Z The Lost City of ZГенрих Костин
2016 т Мени карма Hold On To MeЖимми
2017 т ~ Good TimeКонни Никас

"Күүгүм" тасмасында тартылуу учурунда Роберт Паттинсон актриса Кристен Стюарт менен жолуккан. Экөө мамиле куруп, 2012-жылы актриса бир эле убакта режиссёр Руперт Сандерс менен да мамиледе болгону ачыкталган[3][4].

Бул окуядан кийин экөө келечектеги үй-бүлөсү үчүн сатып алган үйүн сатып жиберип[5], эки айрым жолго түшүшкөн.Бир нече убак өткөн соң экөө кайра элдешип, бирок кайра эле мамилелерин токтотушкан[6].

2014-жылдан тарта Роберт Паттинсон ырчы FKA twigs (Талия Дебретт Барнетт) менен кыз-жигит болуп, 2015-жылы апрель айында баш кошо турганын айтышкан.

Кызыктуу маалыматтар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Дээринен уялчаак жигит. Кыздар тийишип сөз айтып койсо эле кызарып кетет. Сейил бакты же көчөнү аралап басканды абдан жакшы көрөт. Бирок популярдуу болгондон кийин көчөдө эркин басып жүрө албай калган.
  • Ырымдарга аябай ишенет. Көздөгөн иши оңунан чыкпай жаткан болсо, “эмне күнөө кылдым эле?” деп башын кармап отуруп калат.
  • Ыр жазат жана ага обон чыгарат. Азырынча ырчы болуп акча табууну көздөбөйт. Кусалыкка батып турганда гана ырдап коёт. “Күүгүм” тасмасындагы «Let me sign» ("Мага белги берчи") деген ырдын сөзү, обону, аткаруучусу да Паттинсон өзү.
  • Бош убактысын лыжа тебүүгө, сноубордго жана футболго арнайт.
  • Робду бүгүнкү күндө актёр катары эмес, ийгиликтүү модель деп да билүүгө болот.
  • Британиянын көптөгөн түстүү журналдары Робертти “Учурдун эң сексуалдуу мырзасы” деп белгилешкен. Бирок Роб өзүн сексуалдуу деп эсептебейт, өзүн чыныгы эркекмин деп билет.
  1. Жина МакИнтайр. Robert Pattinson on his 'Twilight' songs: 'Music is my backup plan if acting fails', Los Angeles Times (9 -октябрь (тогуздун айы) 2008). Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2009.
  2. Роберт Паттинсон, People.com. Текшерилген күнү 5 -октябрь (тогуздун айы) 2009. Цитатанын катасы: Invalid parameter ""people"" in <ref> tag. The supported parameters are: dir, follow, group, name.
  3. Роберт Паттинсон съехал от Кристен Стюарт после измены. Текшерилген күнү 24 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 20 -май (бугу) 2013. Archived 2013-05-20 at the Wayback Machine
  4. Кристен Стюарт и Руперт Сандерс публично сознались в измене(жеткиликсиз шилтеме)
  5. Роберт Паттинсон продает дом
  6. Паттинсон хочет жениться на Стюарт | Женский журнал Cosmopolitan