Көк-Дөбө тоосу

Википедия дан

Көк-Дөбө тоосуТескей Ала-Тоонун түндүк тармагы. Түргөнаксуу жана Бозучук сууларынын аралыгында түштүктөн түндүктү карай 21–23 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр аз кездешет; капталдары тик, майда коктуколоттуу. Орточо бийиктиги 3300–3800 м, эң бийик жери 4036 м. Палеозойдун башталышында пайда болгон гранит, гранитдиорит, диорит интрузия тектеринен турат.

Шалбаалуу талаа (2200–2300 м бийиктикке чейин), бийик чөптүү шалбаалуу токой (2300–3000 м), субальп жана альп шалбаалуу талаа (3000–3600 м), андан жогору субнивалдык суук чөл жана гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; токой чарбалары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]