Көрпө-Тоо

Википедия дан

Көрпө-ТооИчки Теңир-Тоодо. Ак-Сай өрөөнүнүн түштүгүндө. Ат-Башы районунун аймагында. Какшаал тоо тизмегинин батышынан орун алып, меридиан багытында дого сымал 36 кмге созулат. Туурасы 18 км. Орточо бийиктиги 4200 м, эң бийик жери 4552 м. Тоонун суу бөлгүчү Ак-Сай өрөөнүнүн таманынан 800—1000 мге көтөрүлүп жатат. Кырында тоонун тектон. көтөрүшүнө чейинки байыркы түздүктөрдүн калдыктары сакталган. Мөңгүнүн жалпы аянты 25 км2. Батыш капталы жазыраак келип, Ак-Сай өрөөнүнө жантайып түшөт. Чыгышы кыска, Корумду өрөөнүн карай тик.

Ашуулары: Кичи (3630 м) жана Чоң (4020 м), Сары-Белес, Түз-Ашуу (3590 м) ж. б. Тоодон Ак-Сайдын оң куймалары агып түшөт. Карбон менен девондун кумдук, сланец, кремний, конгломерат, акиташ тектеринен туруп, кеңдик багытындагы тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. 3900 м бийикке чейин субальп, альп шалбаасы, шалбаалуу талаа, субнивалдык суук чөл, андан жогору нивалдык-гляциалдык тилке ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]