Көөдөң

Википедия дан

Көөдөң, Ыраң Көөдөн — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Саякбай Каралаевдин вариантында кытайдын үч жүз элүү жыл жашаган карысы, акылга дыйкан, кадырман адамы. Чоң казаттын алдында көп кол менен Манастын келатканын угуп кеңеш куруп жаткан кытай баатырларынын кашына келген К-гө Эсенкан өзү баш болуп ызат көрсөтүп, орун берет. Өтөр-кетер иштерди таамай көрө билген («кабарчысы азазил») К. Манасты согушуп жеңе албайсыңар, андан көрө тартуу тартып тынч багынып бергиле. Манастын акырет кетер ажалы силерден дейт. Чабала деген баатыры урушпай туруп эле чантуудан корксоңор, уруксат бергиле, мен барып чантууну байкап көрөйүн десе, Коңурбай «алжыган» деп, Ыраң Көөдөңдүн айтканына көнбөй коюшат. К. чалгында жүргөн Алмамбет менен Сыргакты утурлап барып, Алмамбетке жолугуп, Чабаланын келатканын айтып кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4