Көөнө катмар

Википедия дан

Көөнө катмар«Манас» эпосундагы көөнө мотивдердин, сюжеттердин, образдардын жана көркөм туюнтуу каражаттарынын системасынан түзүлөт. «Манас» жанрдык — стадиялык жагынан негизинен тарыхый-баатырдык эпоско жатса да, анын айрым эстеликтери, айрыкча, түштүктөн жазылып алынган варианттар сюжеттик курамы, образдары, көркөм сөз каражаттары жана алардын тарыхый-филологиялык өзгөчөлүгү боюнча толук бойдон көөнө-баатырдык эпостордун катарында турат. К. к. дегенде, эпикалык чыгармачылыктын тарыхый баатырдык жана андан кийинки этаптарына таандык чыгармалардын поэтикалык түзүлүшүнөн орун тапкан, анын мазмунунда тарыхый баатырдык теманы көркөм чагылдыруу үчүн кызмат кылган көөнө, мифологиялык (тотемдик, шамандык жана башкалар) мотивдер, эпизоддор, сюжеттер, образдар жана көркөм сөз каражаттарынын тутумун түшүнөбүз.

Көөнө көрүнүштөр биринчи иретте «Манастын» сюжетинен жана образдар системасынан ачык көрүнөт. Кыз Сайкалды багынтып, акыреттик жар кылышы, Мадыкан, Макел дөө, Ороңгу жана башка каармандар, итаалы эли жөнүндөгү сюжеттер эпостун К. к-ын түзөт. Аты аталып бирок образдары ачылбаган адамноо, жетимурук, жаян жана башкалар мифологиялык жандыктар, баатырдык жомоктордо белгилүү болгон алп каракуш, тулпар, чеп кайтарган түлкү, өрдөк, аркар сыяктуу образдар да «Манастын» көөнө образдарды жана сюжеттерди кеңири камтыгандыгын көрсөтөт. «Манастын» төрөлүшү, үйлөнүшү тууралуу эпизоддор да көөнө белгилерге бай. Манас, Алмамбет, Кошой, Жолой жана башкалар каармандардын келбетин сүрөттөөдө да көөнө элементтер жыш колдонулат.

«Манаста» географиялык түшүнүктөр да тарыхый жана мифологиялык аң-сезимдин жуурулушунан турат. Жердин түбү Желпиниш — нукура мифологиялык түшүнүктүн жемиши болсо, Бээжин, Каңгай, Алтай жана башкалар топонимдер тарыхый белгилерди да алып жүрөт. Ошондой эле «Манаста» элдин космос, ааламдын түзүлүшү тууралуу байыркы түшүнүгү да сакталган (Жер, анын үстүндөгү, астындагы мифологиялык өлкөлөр).

«Манастын» көркөм сөз каражаттары да бир катар көөнө белгилерди камтыйт. Гипербола, салыштыруу, метафора, эпитет өңдүү негизги көркөм сүрөттөө каражаттарынын көпчүлүгү келип чыгышы боюнча элдин мифологиялык түшүнүктөрү менен тамырлаш (мисалы, канкор, айкөл, тоодой жана башкалар).

Көөнө белгилер «Манастын» ыр түзүлүш системасында да сакталгандыгын көрөбүз. Ар бир сап 7 — 8 муундан туруп, аллитерация, ассонанс, референдердин жыш колдонушу буга далил. Ошентип, «Манастын» поэтикалык курулушу көөнө элементтерге бай, алар өзүнчө бир катмарды түзүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4