Мазмунга өтүү

Лаос элдик революциячыл партиясы

Википедия — ачык энциклопедия

Лаос элдик революциячыл партиясы (ЛЭРП) — Лаостогу башкаруучу саясий партия. Ал 1955-жылдын март айында Индокытай Коммунисттик партиясынын лаостук бөлүмүнүн негизинде түзүлгөн.

ЛЭРП — массалык саясий уюм болгон Лаос патриоттук фронтунун (Нео Лао Хак­сат) негизги жана жетекчи күчү болуу менен интервенттерге карты Лаос эли­нин күрөшүн жетектеген. Партиянын экинчи съезди (1972-жыл, февраль) ЛЭРПтин программасы менен уставын кабыл алган. Анда ЛЭРП марксизм-ленинизм позициясында турган жумушчу табынын партиясы деп белгиленген.

Лаос эли ЛЭРПтин жетекчилиги менен улуттук-демократиялык революция үчүн күрөштө жеңишип, 1975-жылдын декабрь айында Лаос Элдик Демократия Республикасы түзүлгөн.

1975-жылы декабрда, ЛЭРПтин жетекчилиги астында, Лаос Элдик Демократия Республикасы түзүлгөн. Партия өлкөдөгү саясий бийликти жумушчу жана дыйкандардын союзуна негизделген элдик демократиялык диктатура катары карайт жана капиталисттик өнүгүү этабын өткөрбөстөн, социализмди куруу багытын тандаган.

ЛЭРПтин расмий басма сөз органы — «Сиенч Пасасон» газетасы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.