Лассаль Фердинанд

Википедия дан
Фердинанд Лассаль.

Лассаль, Фердинанд (11. 4. 1825 — 31. 8. 1864) — немис жумушчу кыймылынын ишмери, майда буржуа­зиячыл социалист, лассалчылыкка не­гиз салуучу.

1843—46-ж. Бреслау жана Берлин университтеринде окуган. Германиядагы рев-яга (1848—49) бир аз катышкан, бирок негизинен бурж. демокр. көз карашты жактаган.

1849—62-ж. К. Маркс жана Ф. Энгельс менен кат алышып турган. Аларга ыктоого аракет кылса да, ил. комму­низм теориясын өздөштүрө албай, 60- жылдардын башына чейин чынында майда буржуазиячыл демократ бойдон кала берген. Жалпы германиялык жумушчу союзун (ЖГЖС) түзүүдө (1863, май) роль ойноп, анын президенттигине шайланган, өз эмгектери менен ал Союздун программасына не­гиз салган. Немец жумушчуларын бурж. таасирден бошотууда эмгек сиңирсе да, ЖГЖС- тин программасы­на киргизген дог­малары жана жүргүзгөн тактикасы менен ЖГЖСке реформачыл жана сектанттык мүнөз берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.