Германиядагы революция

Википедия дан

Германиядагы революция(184849) — Гөрманияда бирдиктүү улуттук мамлекет түзүү жана феодалдык абс. тартипти жоюу максатын көздөгөн бурж.-демокр. революция.

Ошол кездеги Германиянын саясий бытырандылыгы жана андагы феод, мамилелер капитализмдин өнүгүшүнө тоскоол болгондуктан өлкөдө саясий кризис күчөгөн. 1845—46-ж. эгиндин түшүм бербей калышы, 1847-жылдагы экон. кризис аны ого бетер кучөтүп, 27- февралда Баденде революция башталган. Марттын башында эл толкундоолору Батыш жана Түштүк-Батыш Германияга да жайылган. б-марттан Берлинде демонстрациялар башталып. 18-мартта алар эл көтөрүлүшүнө айланган. Көтөрүлгөндөр 2 күндүк кармаштан ки­йин жеңишке жетишип, Пруссия королун борбордон аскерин чыгарып кетүүгө, Кампгаузен жанa Ганземан башкарган либералдык өкмөт түзүүгө мажбур кылган. 22-мартта Пруссиянын Улуттук чогулушу чакырылган. Эл массасынын чыгууларынын натыйжасында либералдык өкмөттөр германиялык башка мамлекеттерде да түзүлүп, бардык жерде жумушчу кыймылы жогорулаган, дыйкандардын антифеод, чыгуулары күчөгөн.

Германиядагы революциянын кыймылдаткыч күчү кеңири эл катмары болгону менен ага либералдык буржуазия жетекчилик кылган. Анткени ал кезде Германиянын жумуш­чу табы аз да, алсыз да эле. Пруссия ж. б. герман мамлекеттеринде бипликке келген ири либералдык буржуазия рев-янын андан ары күчөшүнөн коркуп, ага чыккынчылык кылуу жолуна түшкөн. Алар монархиялык тар­типти сактап калуута, коомдук жана саясий түзүлүштү демократиялаштырууга жолтоо кылууга аракеттенишкен.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.