Лассалчылык

Википедия дан

Лассалчылык - жумуш­чу кыймылындагы оппортунизмдин бир формасы, майда социализмдин бир түрү.

Ф. Лассалдын ысмынан аталган. 19-кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Бул агым жалпы германиялык жумушчу союзунда өкүм сүргөн.

Жалпы шайлоо укугунун киргизилиши жумушчула ды боштондукка чыгаруунун универ­сал каражаты, мамлекеттин жардамы менен курулган өндүрүш ассоциациялары «социализмди киргизүүнүн» жана капит. мамлекетти тынчтык жол м-н «элдик мамлекетке» кайра куруунун жолу болору жөнүндөгү Ф. Лассалдын догмалары Лассалчылыкка негиз болгон.

Лассалчылар жумушчу кыймылы либералдык буржуазияга күнкөр болбосун деп талап кылган, бирок иш жүзүндө тап күрөшүнөн жана рев-ядан баш тартууга үгүттөгөн; пролетариаттын дыйкандар ж. б. эмгекчилер м-н союздаш болушунун маанисин танган; профсоюздарды түзүү күрөшүнөн четтеп, жумушчу кыймылынын интернационалдык мүнөзүн түшүнгөн эмес.

Интернационал убагында Лассалчылык немец жумушчу кыймылына марксизмдин киришине, Германияда пролетариат партиясын түзүүгө тоскоол кылган ж-а чет өлкөлөрдөгү жумушчу кыймылына да терс таасир тийгизген. 1869-ж. Германия с.-д. жумушчу партиясы (эйзенахчылар) түзүлгөндөн кийин лассалчылардын көбү марксизм тарапка өткөн. Марксизмди негиздөөчүлөр Лассалчылыкка карты дайыма күрөшкөн.

Азыркы оңчул с.-д. жетекчилер да Лассалдын жаңылыш доктриналарын өзгөртүп алып, марксизмге каршы пайдаланып жатат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.