Латын союзу
Латын союзу - 30 жамааттан турган Лаций (азыркы Лацио, Италия) шаарларынын федерациясы.
Латын союзун алгач (б. з. ч. 1-миц жылдык) Альба- Лонга, ал эми б. з. ч. 6-кылыман Рим башкарган. Латын союзунун мүчөлөрүнүн дин майрамы бир болуп, союз чогулушу алардын жалпы маселеси м-н талашын чечкен.
Республиканын орноо убагында Римде саясий кырдаал татаалданып (б. з. ч. 6-кылымдын аягы — 5-кылымдын башы), айрым жамааттар убактылуу Рим үстөмдүгүнөн бошонушса да, Рим башчылыгы менен согушта өз ара жардамдашууга, командачылыкка жана олжо бөлүштүрүүгө чогуу катышуу шарты менен б. з. ч. 493-ж. Латын союзу калыбына келген.
Галл жапырыгы убагында (б. з. ч. 390 же 387) Латын союзу бузулган, бирок 358-ж. Римдин пайдасы үчүн кайра түзүлгөн да, экинчи Латын согушунан (б. з. ч. 340—338) кийин жоюлган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.