Лингвистикалык статистика

Википедия дан

Лингвистикалык статистика, квантитативдик лингвис­тика — тил илиминдеги жаңы тармак; тилдин жанa речтин сандык за­кон ченемин изилдейт.

Лингвистикалык статистикада изилденүүчү материал катары текст, б. а. лингв, бирдиктердин (тамга, фонема, тыбыш, соз, сүйлөм ж. б.) тил нормасында иштелип чыгып, иреттелген жыйындысы каралат.

Лингвистикалык статистика изилдөөлөрүндө ыктымалдыктар теориясы, матем. статистиканын аппараты, андагы негизги категориялар колдону­лат. Изилдөөнүн мүнөзүнө жанa обьектисине жараша Лингвистикалык статистика өз ара мындай салааларга бөлүнөт: фоноло­гиялык статистикада тыбыш менен фонема, лексикалык статистика­да сөз жанa сөз айкалыштары, морфол. статистикада уңгу менен мүчө, о. эле сөз түркүмдөрү изилденет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.