Лионел Месси
Лионель Андрес МЕССИ ![]() | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Лионель Андрес Месси (испанча- Lionel Andrés Messi') |
Туулган жылы: | 1987-жылы 24-июнь |
Туулган жери: | Аргентина, Росарио |
Бою: | 1м 69см |
Өлкө: | ![]() |
Позициясы: | Чабуулчу, чабуулдагы жарым коргоочу |
Клуб маалыматы | |
Учурдагы клубу: | Барселона |
Номери: | 10 |
![]() |
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Лионель Андрес Месси ( испанча - Lionel Andrés Messi ) 1987-жылы 24-июнь, Росарио), Аргентиналык футболчу. Барселонанын намысын коргогон оюнчу чабуулчу жана чабуулдагы жарым коргоочу милдетин аткарат. Дүйнөдөгү эң алдыңкы футболчулардын бири. 21 жашында эле Алтын топ жана ФИФА жылдын мыкты футболчусу сыйлыктарына ээ болгон. Месси ийкемдүүлүгү жана оюн таризине байланыштуу Аргентиналык эски футболчу Диего Марадонага көп салыштырылат.
Ал, футболго 8 жашында Росарио шаарынын клубу Ниюэллз Олд Бойздо баштайт. 11 жашында Лионелге өсүү гармону (самототропин) жетишпестиги диагнозу коюлат. Барселонанын спорттук мүдүрү Карлес Рескач Мессини 13 жашында байкаган соң жаш талант ага катуу таасир калтырат. Ошондуктан ал клуб жетекчилиги менен Мессини жана үй-бүлөсүн Испанияга көчүрүп келип дарылоо тууралуу келишим даярдайт. Ошондон кийин Месси Барселонанын жаш өспүрүмдөр курамында ойной баштайт.

Барселонанын негизги курамында биринчи жолу 2004-жындын 16-октябрында ойногон Месси, Испания лигасында гол киргизген эң жаш футболчу наамына ээ. 2005-06 сезонунда Ла лига жана УЕФА Чемпиондор Лигасы чемпиондугун жеңет. 2006-07 сезонунда Эл класико дербисинде хет-трик кылганы жетишип, 26 лига мачында 14 гол саят. 2008-09-жыл карьерасындагы эң мыкты сезон болот. Анткени сезон боюнча 38 гол атып 6 кубок жеңет. 2009-10 сезонунда бардык турнирде 47 гол атып Роналдонун койгон рекордуна жетет. 2010-11 сезонунда 53 гол менен бул рекордду бузуп өзүнүн рекордун коёт.
Месси 2012-жылга чейин 5 жолу Ла лига чемпиондугун, 3 жолу УЕФА Чемпиондор лигасы чемпиондугун жеңген жана эки финал мачында гол сайган. Финалдагы бардык голдорун Манчестер Юнайтедге киргизген. 2010-11 сезонунда Чемпиондор лигасында 12 гол киргизип, Герд Мюллер менен Жан-Пьер Папиндерден кийин удаа 3 жолу голчу болгон үчүнчү футболчу болду.
2013 жылдын үчтүн айынын 7 күнү Лионел Месси дүйнөнүн эң мыкты оюнчусуна берилүүчү "Алтын топ" сыйлыгын 4 жолу катар утуп алган биринчи футболчу болуп калды. Дүйнөлүк футбол курама командаларынын капитандарынын, машыктыруучуларынын жана басма сөздө спорт темасын чагылдырган журналисттеринин арасындагы уюштурулган добуш берүүдө, 25 жашар аргентин өзүнүн клубдашы - испан оюнчусу Андрес Иньестадан, ошондой эле "Реалдын" жана Португалиянын футбол курама командасынын лидери Криштиану Роналдудан озуп чыгып - жеңишке жетишкен.[1].