Лиственит

Википедия дан
Лиственит.

Листвениткарбонат (анкерит), кварц, мусковит же фуксит (хром слюдасы) минералдарынан турган метасоматоз тоо теги. Кээде курамында алтын кездешет. Кошумча түрдө пирит, тальк, хромит, актинолит, альбит, турмалин, рутил, сфен жана башка минералдар жолугат. Өңү-түсү ачык жашыл (фуксит болгондо) же бозомук. Ультранегиздүү (серпентинит жана башка) жана негиздүү тектерди гидротермдүү эриндилерин өзгөртүп жиберүүчү таасиринен пайда болот. Линза же тарамдашып орун алат. Алтыны бар кварц тарамдарынын чет тарабын ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7