Локарно конференциясы

Википедия дан

Локарно конференциясы (1925) – Рейн пактысы жана башка бир катар келишимдердин түзүлүшүнө байланыштуу Бельгия, Улуу Британия, Германия, Италия, Польша, Франция, Чехословакия өкүлдөрүнүн Локарно шаарында (Швейцария) өткөн эл аралык конференциясы. Локарно конференциясынын демилгечилери антисов. максатты көздөп, СССРге каршы Германияны катыштырууга мүмкүн болгон үч жол: түздөн-түз катышуу, өз жери аркылуу аскерлерди өткөрүүгө уруксат берүү, экономикалык санкцияларды колдонуу белгиленген. Бирок Германия өкүлдөрү антисоветтик иштерге катышууга ачык милдеттенишкен эмес. Анткени алар тышкы саясатын өз алдынча жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыз кылууну, башкача айтканда Раппаль келишиминин (1922) негизинде Советтик Союзу менен түзүлгөн мамилени бузбоону ойлошкон. Кол салбоо жана бейтараптуулук жөнүндө совет-герман келишиминин түзүлүшү (1926) Локарно конференциясында сунушталган саясаттын антисоветтик багытын кыйла бошоңдоткон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7