МАМБЕТААЛЫ (Көкчеке) АШЫМБАЙ УУЛУ

Википедия дан

МАМБЕТААЛЫ (Көкчеке) АШЫМБАЙ УУЛУ (1897-1969)

Чоюке, Жүгөрү,Кайдуу, Шапак,Дыйканбай өңдүү манасчылардан таалим алган, белгилүү манасчы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасынын ээси - Мамбетаалы Ашымбай уулу бугунун арыкмырза уруусунун сейтказы уругунан. Ал 1897-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кайырма-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Бардык манасчылардай эле, аян-түштүн себебинен манасчылык кесипти аркалап калган. Мамбетаалы манасчыдан “Манасты” жазып алуу иши 1962-жылы башталган. Андан эпостун “Манас” бөлүмүнөн; “Манастын Каныкейге үйлөнүшү”, “Көкөтөйдүн ашы”, “Алмамбеттин аңгемеси”, “Коңурбайдын чабуулу”, “Манастын өлүмү” деген эпизоддору, ал эми “Семетей” эпосу ырааты менен, дээрлик толук турдө жазылып алынган. Мамбеаалы Ашымбай уулу 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышып, ошол жылдан тартып 1941-жылга чейин Ысык-Көл областык драмтеатрында иштей баштаган, кийин ден соолугуна (кызыл жүгүрүк оорусу менен ооруп) байланыштуу өз айылына көчүп келүүгө аргасыз болгон. Ошону менен өмүрүнүн соңуна чейин Баатырларын жар салып жүрүп, 1969-жылы өз айылында жарык дүйнө менен кош айтышкан.