Маамытбек
Маамытбек — «Манас» эпосунун мифтик кейипкер, кытайдын жалгыз көздүү дөөсү. Алтайда Манастан жеңилип, Бээжинге качкан Жолой, Нескара баш болгон кытай-калмак баатырлары Эсенканга Манастын эрдигин айтып барышат. Эсенкан менен Карыкан кеңешип, Манас акыры Бээжинге казат кылат деп, мерчемдүү жерге кароолчу коюп, Коңурбайды Чет-Бээжинге кечилге кан көтөрүп, Маңгубада туулган «Каканчындын балбаны Маамытбек сокур» менен тыргооттун каны Канышайга жол тостуруп, Бээжиндин жолун бекемдейт (Саякбай Каралаев, 1. 164—166). М. дөө Чоң казатта өлөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4