Маба тили
Көрүнүш
Маба тили Нил-сахара макроүй-бүлөсүнүн мабан уясына кирет.
Чаддын Ваддай, Батха, Сила, Вади-Фера региондорунда кеңири таралган.
Бир нече диалектилерге бөлүнөт.
Сүйлөгөндөрдүн саны 296 миң адам.
| Расмий аталышы: |
bùrá mábàŋ |
|---|---|
| Өлкөлөр: | |
| Колдонгондордун жалпы саны: |
296 миң |
| Классификациясы | |
| Түрмөгү: | |
| Жазылышы: | |
| Тилдер коду | |
| ISO 639-1: |
— |
| ISO 639-2: |
— |
| ISO 639-3: |
— |
Ал тилде башталгыч класстарда окуу жүргүзүлөт, китептер жана мезгилдүү басылмалар чыгат, радио уктуруулар эфирде алпарылат.
Маба тоналдык тил болуп саналат (төрт тон бар: бийик, төмөн, көтөрүлүүчү жана төмөндөчүү). Тоналдуулук лексикалык негиздерди ажыратып, этиш тутумундагы грамматикалык маанилерди туюнтат.
Лексикасында араб (чад диалекти) жана француз тилдеринен алынган сөздөр көп.
Жазуусу араб жана латын алфавиттердин негизинде.