Магний кычкылы

Википедия дан

Магний кычкылы, MgO — түссүз кристалл; тыгызд. 3,58 г/с.и3, эрүү t 2800°С, кайноо t 3600°С. Сууда на­чар эрийт.

Майда ак күкүм түрүндөгү, б. а. аморфтук MgO абадан суунун буусу менен С02 сицирип алып, Mg (ОН), ж-а MgC03 пайда кылат. М. к. кислоталар менен оңой кошулат. Абдан ысытылган MgO суу м-н кошулбайт, кислотада эрибейт. Жара­тылышта минерал түрүндө жолугат. Ө. ж-да магнезитти ж-а доломитти күйгузуү, магний сулъфатын, негиздик карбонатын ысытып ажыратуу менен алынат. М. к. отко чыдамдуу буюм жасоодо, магнезия цементин, курулуш материалын алууда, нефть продуктуларын тазалоодо ж-а меди­цинада колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.