Маданий-тарых мектеп

Википедия дан

Маданий-тарых мектеп — 19-кылымдын ортосунда искусство таануу менен адилет илиминде пайда болуп, исккусство менен адабияттын тарыхын, генезисин изилдөө принциптерия иштеп чыккан багыт.

  • Анын өзөк принциптери И. Гердер (Германия) тарабынан сунуш кылынып, И. Тэндин (Франция) эмгектеринде негизделген. И. Тан көркөм чыгарманы эл турмушунун бнр этабындагы коомдук психологиянын көрүнүшү деп эсептеген. Маданий-тарых мектептин негизги идеялары Ж. Бедье, Ф. Брюнетьеп. Г. Лансон (Франция), Г. Брандес (Дания), В. Шерер, Г. Гетнер (Германия). А. Н. Пыпин, Н. С. Тихонравов (Россия) ж. б-лардын эмгектеринде улантылган.
  • Маданий-тарых мектеп улут­тук жанa европ. ад-ттардын тарыхын түзүүгө, салыштырма-тарыхый адабият таануунун пайда болушуна, ил. адабият таануунун калыптанышына түз таасир тийгизген; искусство — коомдук өнүгүштун продуктусу, ал коомдук ойдун башка формалары менен байланышта өөрчуй турган нерсе деген.
  • Маданий-тарых мектеп иск-вонун идеяларынын жал­пы адамзаттыгы, художниктин индивидуалдуулугу сыяктуу өзгөчө бел- гнлерине көңүл бурган эмес.
  • Позитивизм философиясыиын методологиясы менен эле чектелгендиктен.
  • Маданий-тарых мектепке кирген көп окумуштуулар корком чыгарманын генезисин аныктаган факторлордун омоктууларын издоөгө маани беришпей, алардын баары эле бир даражада деп эсептешкен; толук концепцияларды иштеп чьтгуупуп ордуна фактыларты гаиа жьтйнашкан; корком чьггарма — тарыхый документ, элдин маданияты у-н психологиясын изилдоөгө негнз болчу материал катары карагакан.
  • Маданий-тарых мектеп өкүлдөрүнун илимге кошкон салымы — эбегейсиз маданий-тарыхый материал жыйнап, текстологиялык анализдин прпнциптерин иштеп чыкканында, илгертеден таанууга негиз салганында.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.