Майдалагыч машина

Википедия дан

Майдалагыч машина - катуу материалды (көбүнчө минералды) майдалоого арналган машина.

  • Ал кесек (100—300 мм), орточо (25—100 мм) жана майда (5—25 мм) материал­ды майдалагыч болуп айырмаланат.
  • Майдалагыч механизмине жараша 5 класска болүнөт.
  • Жаактуу Майдалагыч машина машинада материал эки тик бурчтуу плиталардын-жаактардын арасында сүрүү аркылуу майдаланат.
  • Бир жаагы кыймылсыз, экинчиси жүргүзүүчү механизмдин жардамы менен кыймылдап турат. Конустуу Майдалагыч машинада материал кыймылсыз конустун ичинде тегеренип, урунуп май­даланат.
  • Валдуу Майдалагыч машинада материал сүрүлүү күчү менен жана бири бирин коздей бирдей ылдамдыкта айлануучу параллель эки цилиндр валынын арасынан өтөрдө жанчылат. Барскандуу Майдалагыч машинада материалбарскан менен урулуп талкаланат. Стержендүү Майдалагыч машинада морт абразивдүү материалдар майда бөлүктөргө бөлүнөт. Майдалагыч машинанын биринчи үч классы катуу материалдарды (руда, курулуш таштары ж. б.), калганы морт жана жумшак материалдарды (көмүр, аки таш, боксит ж. б.) майдалоодо колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.