Майрамкан Жуманова
Жуманова Майрамкан | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Жуманова Майрамкан |
Туулган жылы: | 1958-жылы 8-октябрь |
Туулган жери: | Төлөйкөн айылы, Кара Суу району, Ош облусу, Кыргызстан |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | окутуучу |
Учурдагы кызматы: | Мугалим |
Акын Майрамкан Жуманова Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында 1958-жылдын 8-октябрында туулган.
Көп жылдардан бери Ош мамлекеттик университетинде физика факультетинин окутуучусу болуп иштеп келет.
1991-жылы К.Атабеков, Д.Бабаев менен авторлош «Физика боюнча текшерүү иштери: механика,
молекулалык физика, термодинамика» аттуу окуу куралын чыгарган.
2001-жылы «Окутуунун жаңы технологиялары: сынчыл ойлоо программасын жогорку билим берүү тармагында жайылтуу тажрыйбасынан»
аттуу илимий-методикалык жыйнактын түзүүчүсү болгон. 20дан ашуун илимий-методикалык макалалардын автору.
Алгачкы «Тилек» аттуу ыры «Кыргызстан маданияты» гезитинде 1985-жылы жарык көрүп,
ошондон тартып ырлары мезгилдүү басма сөздөрдө жарыяланып келет. Бир катар ырларына обон чыгарылган.
2007-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгисине татыган.
1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Маанай ырлары: Ырлар, поэма. Ош облустук басмаканасы, 1997. – 88 б.
- Физика боюнча маселелер жана аларды чыгаруу: молекулалык физика жана термодинамика: Окуу китеби. – Ош: ОшМУ, 1999. – 85 б.
- Өчпөс ысымдар: Физиканын тарыхы / Справочник. – Ош: ОшМУ, 2007. – 88 б. (авторлош).
- Физиканы окутуунун практикалык методикасы. – Ош: ОшМУ, 2007. – 92 б.
Колдонулган адабияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6