Макел

Википедия дан

Макел, Малгун, Макел-Малгун — «Манас» эпосунун антроморфтук, жөө жомоктук-фантастикалык кейипкер. Сагымбай Орозбаковдун вариантында бир эле М. дөө Макел-Малгун делип айтылса, Саякбай Каралаевдин вариантында М. дөө жок, Малгун, Мадыкан деген эки кейипкер дөө айтылат Жалгыз көздүү М. дөөнүн образы — эпосту жараткан элдин мифологиялык жандыктар жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн байыркы үлгүсү. Сагымбай Орозбаковдун вариантында М. дөө-мифтик салттык кейипкер. Анын элеси манасчынын баяндоосунда төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

Ант ургурдун өзү бар,

Бакыраят ачылса,

Маңдайда жалгыз көзү бар.

Адам уулу билгисиз,

Аркы-терки сөзү бар

Байкаса адам үн өңдүү,

Оозун ачып сүйлөсө,

Обо жарган обону

Күркүрөгөн күн өңдүү,

Азат бойдон чыккан түк

Ажайган аюу жүнү өңдүү,

Аңдап көрсө дидаары

Ажыдаар түрү өңдүү (Сагымбай Орозбаков, 4. 224).

Эпосто «Үй ордуна киргени, үлкөн тоонун үңкүрү, кирип-чыгып жүргөнү, көз учкан таштын чуңкуру» болгон Макел дөөнүн эпикалык душман кол башчысына айланышынын өткөөл мезгили баяндалган. Ошондой эле «тоодой болгон чоң Макел» деп өтө зор жандык катары сүрөттөлүп, «чоң киши», «тоо киши» дегенге жакын түшүнүктү бериши да — бул элестин түпкү теги байыркы адамдардын тоонун ээси жөнүндөгү ишенимдери менен байланышкандыгынын белгиси. Ал — үңкүрдө жашаганы менен өзүнчө бир жомоктук-фантастикалык элдин башчысы. М., анын эли чөптөн тартып, бак-дарактын тамырына чейин, кезиккен жан-жаныбарларды ылгабай жей берсе, эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этабында эми М. өзү да, эли да эпикалык душмандын башкы канына баш иет, анын союздашы катары сүрөттөлөт. Коңурбай Эсенкандын атынан М-ге чабарман жиберип, жардам сурайт, ал өзү да Коңурбайды союздашым деп таанып, Манас менен урушууга келет. Бирок, М-дин образында эпикалык душман өкүлүнүн, анын союздашынын белгисине караганда жалпы адам баласына душмандык белгилери басымдуу. Өнүгүүнүн кийинки баскычтарына ылайык дөөнүн образындагы алгачкы салттык касиеттердин жаңыланганы даана көрүнөт. Натыйжада, адам уулуна каршы кара күчтөрдү элестеткен М. дөөнүн образы өзгөрүп, эпикалык душмандын белгилерине ээ болот. Ушуну менен катар дөөнүн образындагы мифологиялык көрүнүштөр да белгилүү даражада сакталып калган. М. оңойлук менен өлбөйт. Мындай өзгөчөлүк жалгыз көз дөөлөрдүн образына таандык салттык көрүнүш. Бирок, көрүнүшү тоодой, күчүнө жан туруштук бере албачудай көрүнгөн анын жанында алсыз өңдөнгөн адамзат акылдын, куралдын жардамы менен жеңип чыгышы М. дөөнү Алмамбет менен Чубак өлтүргөндөгү эпизоддо сүрөттөлөт.

Тоо жылып келе жаткандай көрүнгөн М. дөөнү үңүп жаткан Алмамбет баатыр «көк милтени чоктоп, Алмабаш мылтык октоп» жазы маңдайда жаркылдаган жалгыз көзгө кармай берет:

Ок көзүнө мылгыды

Чечекейи челектей

Жерди карай ыргыды (Сагымбай Орозбаков, 4. 243).

Маңдайда жалгыз «көзүнөн башка эч жеринде эти жок» ок өтүүчү жумшак жери болбогон М. дөөнү кереметтүү жөө жомоктордогудай уктап жатканда ысык темир шиш менен көзгө сайып өлтүрбөстөн, мылтык менен атып, курал, акылдын жардамы менен жеңет. Көп элдердин фольклордук чыгармаларында жомоктук-фантастикалык дөөлөрдү жалгыз көзүнө кызарта ысытылган шиш менен сайып, мылтык менен атып өлтүрүү сыяктуу окшош сюжеттер көп учурайт. Моңгол-ойроттордун эпосунда башкы каарман мангустар (киши жечү дөөлөр) менен согушса, «Одиссеяда» зор дөө (циклоп) Полифемди Одиссей оңой эле жеңет. Жалгыз көздүү дөөнү көзгө атып, анан өлтүрүү мотиви «Манас» эпосуна алда канча кийинчерээк мылтык пайда болгон учурлар менен байланыштуу кирген көрүнүш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4