Максат Жангазиев

Википедия дан

Максат Жангазиев (1992-жылы 7-августта туулган) - акын, журналист. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акын, журналист Максат Жангазиев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Токтогул шаарчасында 1992-жылы 7-августта туулган.

2010-жылы Токтогул шаарчасындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти аяктаган. 2010-2015-ж.ж. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун филология факультетинде окуган. 2017-2020-ж.ж КМЮАда укук жана башкаруу факультетинде билим алган.

12 жашынан ыр жаза баштап, алгачкы ырлары Токтогул райондук “Башат” аттуу альманахка кирген. “Жаңы толкун” адабий клубунун, эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын мүчөсү. 2014-жылы “Жүрөк үнү” аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Учурда “Азаттык Медиа” мекемесинде адабий-маданий темаларда макала-баяндарды даярдаган кабарчы. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы. Максаттын бабасы, комузчу Жангазы Отунчиев ак таңдай акын Токтогул Сатылгановдун шакирти болгон.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2011-2013-ж.ж. КТРКнын “Түнкү Белес” радиосунда алып баруучу.
  • 2012-жылы IMP.kg сайтында кабарчы.
  • 2015-2016-ж.ж. Ч.Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими.
  • 2016-2018-ж.ж. КТРКнын “Маданият-Тарых-Тил” каналында алып баруучу.
  • 2018-2019-ж.ж. “Prime” телеканалында диктор
  • 2019-жылдан 2021-жылга чейин “5-каналда” диктор.
  • 2021-жылдан тарта "Азаттык" үналгысынын адабий-маданий темаларда макала-баяндарды даярдаган кабарчы.

Китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2014-жылы “Жүрөк үнү” аттуу алгачкы китеби жарык көргөн.
  • Анын айрым ырлары 2019-жылы азербайжан тилинде Бакуда жарык көргөн "Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы"

жыйнагына кирген.

  • 2022-жылы ТҮРКСОЙ уюму тарабынан түрк тилинде жарык көргөн "Заманбап кыргыз поэзиясынын антологиясына" ("ÇAĞDAŞ KIRGIZ ŞIIRI ANTOLOJISI") айрым ырлары басылып чыккан.

Айрым чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БИР СҮРӨТ

Айга, Күнгө теңебеймин сизди мен,

Андан мүмкүн артык болуп жүрбөңүз.

Ашык болуп калганымды жашырбай,

Аша чапсам азыр эле тилдеңиз.


Көзүңүздү карагаттай дебеймин,

Андан сулуу, андан мөлтүр балким ал.

Бир күйгөнүм, бир күмөнүм ушунда,

Бирок сүйгөн адамыңыз бар чыгар?


Деги кандай өзгөчөсүз өзгөдөн,

Дем болдуңуз дарысындай капамдын.

Эң кызыгы окшош чыкты атыңыз,

Бойдок кезде сүйгөнүнө атамдын.


Атам анын сактап койгон сүрөтүн,

Сүйсө керек таза, жаштык дил менен.

Арзуудагы анык урмат ушудур,

Апам аны өрттөбөгөн, тийбеген.


Сиз да мага бериңизчи бир сүрөт,

Болот эле баа жетпеген байлыктай.

Сизге кокус жетпей калсам жашоодо,

Сактап өтөм жубайыма айрытпай...


МЕН ТУУРАЛУУ


Сүзүлдүм далай, ийилдим далай, күбүлдүм,

Сүйбөдүм бирок таңдарын алсыз күнүмдүн.

Жаным от болуп алоолоп күйүп жатса да,

Жашоону сүйүп, жашагым келип, жүгүрдүм.


Жанымда жарык багыттар жанып турса миң,

Жаңылып далай, жаш чакта жалын ууртадым.

Ааламым тарып адамдан көңүл калса да,

Адамды сүйүп, адамды көздөй чуркадым.


Сыноолор болсо аскадан ылдый ыргыткан,

Сынбастан анда эр болдум кайра тырмышкан.

Жыгылган сайын бекемдеп улам күчүмдү,

Жаңылган сайын көрөгөч болдум турмуштан...


КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИНЕ ЧАКЫРЫК


Акыл барда, тулку бойдо күч барда,

Акыбыз жок Мекен туусун жыкканга!

Канын төгүп, өлгөн артык жигитке,

Карыш жерин бергичекти душманга!


Бизди мында тууган үчүн энебиз,

"Баба мурас, жер эне" деп келебиз!

Ушул жерде душман буту баскыча,

Ушул жерде жатсын өлүк денебиз!


Ыйык мекен - аталардан аманат,

Ырас мындан урпагыбыз таралат!

Коргой албай, карматканча, бөтөнгө,

Кул болуп же кеткен артык талаалап!


Биригели, куруп чептин бекемин,

Билсин муундар бабасы ким экенин!

Мансап үчүн келечекти кескилеп,

Маңкурт гана сатып кетет Мекенин!

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты.
  • 2021-жылы Жолон Мамытов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты.
  • 2021-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
  • 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
  • 2013-жылы “Калемгердин пегасы” адабий конкурсунун баш байге ээси.
  • 2015-жылы акын Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына арналган кечеде "Жаңычыл поэтикалык үн" номинациясы ыйгарылган.
  • 2017-жылы "Бейне-Өнөр" коомдук фонду уюштурган республикалы ыр сынакта "Мекенчил үн" номинациясынын башкы жеңүүчүсү.
  • 2013-жылдан бери бир нече адабий сынактардын байге ээси.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]