Малгун

Википедия дан

Малгун «Манас» эпосунун антропоморфтук типтеги жомоктук-фантастикалык кейипкери, жалгыз көздүү дөө. манасчылардын түшүнүгүндө жалгыз көздүү дөө чоң киши, жапайы киши, дөө адам дегенге жакын. Бул эпосто берилген аттардан да байкалат

Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында жалгыз көздүү дөөлөр Адамдүк, «Сазаңшаңды бийлеген Макел-Малгун эр деген» деп бир эле дөөнү (к. Макел) кош ысым менен атаса, Саякбай Каралаевдин вариантында эки дөөнүн бири «Мадыкан» делип, дагы бири М. деген ат менен берилет. Жалгыз көздүү дөөлөрдөгү өлбөстүк касиет жана тоонун ээси экендиги жөнүндөгү түшүнүктүн калдыктары М-дун образында сакталган. Чоң казаттын чалгын чалуу эпизодундагы эпикалык тоодо «алышса адамдын алы жетпеген, атышса огу өтпөгөн, жалгыз көз Малгун дөөнү» Алмамбет, Сыргак жалгыз көзүнө сайганда ал тоону карай качат (Саякбай Каралаев, 2. 132). Бул анын образынын түпкү теги тоо менен байнышкан, тоонун ээси экендигин, ал тоого таянып, тоо менен күчтүү болорунан кабар берет. Ошону менен бирге М. дөөнүн образында жалгыз көздүү дөөлөрдү шарттуу түрдө сокур кылып өлтүрүү сюжети менен байланышпаган мотив кездешет. Саякбай Каралаевдин вариантында гана айтылган М. дөө — зор жана күчтүү, найза тешпей, кылыч кеспей, ок өтпөй турган кадимки" жалгыз көз дөө. Анын теги да мифологиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуу. Ал көзүнөн ажыраганда да өлбөйт. Себеби М. жөнөкөй дөө эмес, «дөө-перинин шаарынан алып келип, окутулган, адам тили билгизилген», атайылап кароолго коюлган дөө. Анын дөөлүк касиетине адамдарга таандык көрүнүштөр кошумчаланган — башына туулга кийгизилген. Жалгыз көзүнөн ажырап, бирок көрбөй ой-тоого качып жүргөн дөөнүн башындагы туулгасын Сыргак ыргыта койгондон кийин гана эки баатыр аны өлтүрө алышат. Бул дөөнүн образынын улам кийинки доорлордогу эволюциясынын — адам түрүнө жакындашынын көрүнүшү. М-дун адам түрүнө жакын турган дөө экендигин анын кароолго турушу, кечилдердин каны болгондугу да айкындап турат.

Эпостогу жомоктук-фантастикалык дөөлөргө салыштырмалуу М-дун эпикалык образынын эволюциясын аныктай турган атрибут — шарттуу талуу жери «жалгыз көзгө сайдырып, чечекейден айрылса» да өлбөгөн магиялык касиети. Ал башына кийген кереметтүү туулга эпосто түз маанисиндеги коргонуучу согуштук кийим катары эмес, аллегориялык мааниде, кандайдыр жашыруун, сырдуу, касиеттүү күчкө ээ түшүнүгүндө мотивделген. Мындагы негизги максат ар кандай касиеттүү, сыйкырдуу нерселер сырткы күчтөрдүн каршылыгынан, таасиринен «коргоочу», «сактоочу» керемети бар экендигин билдирүү. Мындай ишенимдин түпкү теги байыркы адамдардын чектелген анимизмдик, магиялык түшүнүктөрү менен байланышкан. Эпостогу жалгыз көздүү дөөлөрдүн алгачкы сапатын алда канча өзгөрткөн түрү М. дөө тибиндегилер өткөөл мезгилде тургандыктан мурдагы касиеттерин (киши этин жегендик, жалгыз көзүнөн ажыраганда өлүшү) негизинен жоготкону менен жаңы өзгөчө сапат-касиеттерге ээ болот. Ансыз алар адамдар менен бирдей болуп калат Ошон үчүн Алмамбет менен Сыргак М-ду өлтүрө албай убара тартышат:

Ортого алып Малгунду

Алты күнү сабады,

Өлтүрө албай Малгунду

Эки кыраан жадады (Саякбай Каралаев, 2. 132).

Мунун сыры М-дун дөөлүк касиеттен башка «сыйкырдуулук» касиетке да ээ экендигинде. Магиялык мүнөздөгү касиеттүү нерселердин касиетине ишенүү түшүнүгү огуздардын эпосундагы Депе-Гез (Төбө-Көз) дөөнүн эпикалык образында сакталган. Эпостун сүрөттөөсү боюнча жалгыз көздүү Депе-Гез дөөнүн магиялык өлбөстүк касиети анын пери энеси жакшылыкты каалап, сыйкырлап берген кереметтүү шакекке байланыштырылса, «Манас» эпосундагы М. дөөнүн магиялык касиети кереметтүү туулга менен берилген. М-дун башындагы касиеттүү туулга түшкөндөн кийин гана магиялык сапаттан ажырап, ажал табат. Туулганын магиялык касиетке ээлиги жөнүндөгү мотивди Орхон-Эне-Сай жазма эстеликтеринен да көрүүгө болот. Күлтегиндин урматына коюлган эстеликте: «анын соотуна жана кемселине жүздөгөн жебе кадалганы менен жез соот кийген башына бир дагы жебе тийген эмес». Мындагы маани талуу жер болгон башты калкалап турган атайын кийимдин өзгөчө касиетинде эмес, түшүнүктүн теги анын магиялык күчкө ээ экендиги жөнүндөгү ишенимдер менен байланышкандыгында. Жалпы эле соот түрүндөгү жоо кийимдери эл турмушунда алда канча кийин пайда болгону тарыхый маалыматтардан белгилүү. Ал эми М-дун образындагы көзүнөн ажыраганы менен туулгасынан ажырап, башы кесилмейинче өлбөстүк жөнүндөгү түшүнүктүн эл арасында жашашы алда канча эски учурларга таандык экендигинде шек жок. Аны биротоло өлтүрүү үчүн атайын белгилүү шарттарды аткаруу зарыл. Адатта кереметтүү жөө жомоктордо М. өңдүү сыйкырдык күчкө ээ кейипкерлердин сөөгүн өрттөп, такыр жок кылуу максатында күлүн сапырып жиберет. Ошондо гана ал жандык кайра тириле албай калат «Манас» эпосунда бул өтө коркунучтуу душман ар кандай себептер менен кайра тирилип кетпесин үчүн сөөгүн (денесин) өрттөп жиберүү ишеними кийинчерээк өз маанисин өзгөртүп, шарттуу түрдө өлтүрүлгөн дөөлөрдүн денесинен башын кесип алуу мотивине байланыштырылган. Магиялык күчкө ээ жандыкты өлтүрүү үчүн талап кылынуучу атайын аракеттер жана ырым-жырымдык белгилер түрүн өзгөрткөн формада М-дун образында да сакталган. Чалгынга барган баатырлардын М-ду өлтүрүп, башын кесип алып кетишинин эки мааниси бар. Биринчиден, бул жерде эң коркунучтуу жоону жеңгендиктин белгисин көрүүгө болот, анын далили катары башын алып барып Манаска көргөзүү; экинчиден, бул иш-аракеттин мааниси — денеден башты бөлүп эле таштап койбой, душманды кайра тирилип кетүү мүмкүнчүлүгүнөн таптакыр ажыратуу. Кээде ушул расминин өзүнчө бир көрүнүшү жөө жомоктордо өлтүрүлгөн душмандын денеси менен башын кесип алып кетүү аркылуу магиялык күчтү жок кылуу ырымынын бир түрү катары берилет. Эпосто:

Бир чапканда Алмамбет

Чоң Малгунду сойгон соң

Алмамбеттен шер болбойт,

Эрдинен тешип Малгунду

Артып берсе атына

Малгун жалгыз башына

Кайран Сыргак тең болбойт (Саякбай Каралаев, 2. 132),— деп сүрөттөлөт. Мындан М-дун эпсиз чоңдугун, өтө коркунучтуу мифтик жандык экенин, ошону менен бирге анын башын кесип алып, бир жагын таш менен теңдеп артып, башкача айтканда кордоо жолу менен магиялык касиет, күчүнөн ажыратуу расмисин көрүүгө болот. Эпос муну менен өтө коркунучтуу, жаратылыштан тышкаркы кара күчү мол жомоктук-фантастикалык жандык болбосун, алар кандай гана жаңы белгилерди алып, идеялык өзгөрүүгө учурабасын, жеңиш дайыма адилеттик үчүн күрөшкөн элдик баатырлар тарабында болорун сүрөттөп көрсөткөн.

М. тибиндеги сыйкырдуу күчкө ээ кейипкерлерди кайра тирилбесин үчүн башын кесип алуу же сөөгүн өрттөп, күлүн чачып жиберүү кыргыздардан башка элдердин эпосторунда да кеңири жолугат. Алтайлыктардын «Алтай - Буучай» эпосунда башкы баатырдын эки аты эки бүркүт болуп кубулуп, Алтай-Буучай менен Эркемелдин сөөгүн душмандар өрттөп кетпес үчүн эч ким таба албай турган токойго алып барышат. Камчы-Жээрен аты дары издеп кетет, калган эки ат, эки шумкар, эки тайганы сөөктөрдү кайтарып калышат. Ал эми якуттардын олонхосунда айыылар абаасыны өлтүрүлгөндөн кийин денесин өрттөп жиберип, башын жыгачка сайып адилеттиктин жеңишинин символу катарында илип койгондугу жөнүндө айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4