Маматканов, Дүйшөн

Википедия дан

Маматканов Дүйшөн (1934-ж. т., Жети-Өгүз району, Даркан айылы — 26.10.2020) — гидролог, техника илимдеринин доктору (1981). Кыргыз Республикасынын ИАнын мүчөсү (1987). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери.
1956-ж. КМУну бүтүргөн.
1957—60-ж. Кыргыз Республикасынын энергетика, суу чарба институтунун илимий кызматкери.
1964—81-ж. СССР энергетика жана электрлештирүү министрлигинин илимий изилдөө мекемесинин Кыргызстан гидроэнергетика илимий изилдөө бөлүмүнүн башчысы.
1981-жылдан Кыргызстан ПАнын Автоматика институтунун лаборатория башчысы.
1992-жылдан Кыргызстан УИАнын Суу проблемалар жана гидроэнергетика институтунун директору.
Маматканов 90дон ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография) автору.
Алардын негизгилери гидрология, гидроэнергетика, суу ресурстарын эл чарбасында комплекстүү пайдаланууга, ыктымалдык теориясына, Ысык-Көл жана Арал проблемаларына арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Д. Маматканов: Токтогул суу сактагычындагы сууну иштетип жиберишкен...
ДҮЙШӨН МАМАТКАНОВ: ТОКТОГУЛ ГЭСИн БАШ-АЛАМАН БАШКАРУУДАН АРЫЛТУУ КЕРЕК