Мамбетаипова, Шакен

Википедия дан

Мамбетаипова, Шакен (1936–1995) - акын, сүрөтчү. Тоң районундагы Туура-Там айылында 1936-жылы 20-ноябрда туулган. 1951-жылы Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында турмуш-тиричилик комбинатына тигүүчү болуп кирген. 1960-жылы өзүнүн оюулар чийилген альбому менен Фрунзедеги Кыргыз ССРинин Сүрөтчүлөр союзуна кеңеш алуу үчүн келет жана Көркөм фонддун килем жасоочу цехине саймачы, Фрунзе шаарындагы көркөм буюмдар фабрикасынын башкы сүрөт-чүсү болуп орношкон. 1965-жылы Оштогу ВЛКСМ атындагы жибек комбинатына которулуп, көчүрмөчү болуп иштейт. 1966–1970-жж. Көркөм окуу жайынын прикладдык бөлүмүндө окуган. Ошол эле мез-гилде Кыргыз ССРинин Тарых музейине сүрөтчү-реставратор болуп иштейт. 1968-жылы Бүткүл дүйнөлүк студенттердин жана жаштардын IX фестивалына катышып, жергиликтүү өнөр жай ми-нистрлигинин борбордук конструктордук техникалык бюросунун көркөм ишканасында улук инженер-сүрөтчү болгон.

1971-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

1975-жылдан Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 1994-жылдан «Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү».

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз пейили: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 36 б.
  • Кыргыз орнаменти. – Ф.: Кыргызстан, 1980. - 28 б.
  • Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 184 б.
  • Байыркы жылдыздар. – Ф.: Мектеп, 1984.-71 б.
  • Оюмдагы обондор. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 126 б.
  • Улуу тоолор. – Ф.: Адабият, 1989. – 71 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]