Манастын Көкчөгө барганы

Википедия дан

Манастын Көкчөгө барганы — эпосто мурдатан бар өзүнчө салттык окуя, Сагымбай Орозбаковдун вариантында өзгөртүлүп, кыскартылган түрдө Көзкамандарга байланыштуу окуялардын арасында баяндалат.

Манас Каныкейди алып келгенден кийин калмактар менен казактар жер талашып чыр чыгып, Көкчө жардам сурап Манаска киши жиберет. Манас кол курап камынып жатканда чыр бүтүп, эки эл жарашып калышат. Аны уккан Манас жыйган колун таратып, кырк чоросу менен Көкчөгө аттанат. Анткени Алмамбет кеткени Көкчө экөө көрүшө элек экен. Экөөнү көрүштүрүп, Алмамбеттин көңүлүндөгү мүдөөсүн айттырып, бугун чыгарып келмек болгон Манасты Көкчө кубанып кабыл алып, Алмамбетти көрүп көзүн жаштап өкүнүчүн билдирет.

Радлов жазып алган вариантта бул окуя башка окуялар менен бирге үчүнчү бөлүм. катары «Манас менен Көкчөнүн согушканы. Каныкейди алганы, Манас өлгөндөн соң кайра тирилгени” — деген темада берилген. Окуяда Манас Көкчөнү чаап алмак болуп жылкысын тийгени, ок тийип жарадар болгону айтылат. Ушуга жакын сюжет Шапак Рысмендеевдин вариантында да бар: Алмамбет Манаска келип, анын урматына берилген той тарагандан кийин, Алмамбеттин кадырын билбей капа кылгандыгы үчүн Көкчөгө нааразы болгон Манас анын жазасы деп жылкысын тиет. Жылкы тийүүгө Алмамбет барбайт. Көкчө каршылык көрсөтө албайт. Акеркеч жылкысынын артынан келип, Көкчөнүн Көгаласын жана бир аз жылкы сурап кетет. Алмамбеттин ызасы үчүн Манастын Көкчө менен согушканыБагыш Сазановдун вариантында да бар. Буга караганда Манастын Көкчөгө каршы барышы эпостогу мурдатан келе жаткан сюжеттердин бири. Сагымбай Орозбаковдун вариантында бул окуя өзгөртүлүп, согуш аралаштырылбай баяндалган дешке негиз бар. Эпизод Саякбай Каралаевдин вариантында эскерилбейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4