Манастын күйөөлөп барганы

Википедия дан

Манастын күйөөлөп барганы — бөлүмдөгү окуялардын бутактанып андан нары өнүгүш деталы.

Камылгасын алты күндө камдап бүтүп, куда-кудагый жанына көп киши алып, күйөө жолдоштору менен аттанып, Атемир айткан мал-мүлкүн алда канча ашыра алып, Кейип шаарына барып түшүшөт. Элди конокко алып жайгаштырганда дүрбөлөң менен унутулуп кошто калган Манас бир күн өтүп экинчи күнү кечинде Ажыбайды ээрчитип колуктусун көрүү үчүн барат. Түн ортосунда уруксатсыз үстүнө кирген жоругуна нааразы болгон кыз менен күйөөнүн ортосунда чыр чыгып, Манастын билегине канжардын учу тийип, жарадар болот. Унутулуп кошто калып, ала турган колуктусунан кагуу жеп, билегине канжар тийип ызаланган Манастын буйругу менен атка минип, шаарды каптоого бет алган колдун алдынан Бакай, Көкөтай баш болгон карылар чыгып, токтотуп калышат. Атемир конокко албаган күнөөсү үчүн кечирим сурап, кудаларын конокко бөлүп, Манасты кырк чоросу менен ордосуна алып барып, кырк жигитти өзүнчө жайгаштырып, Манасты аземделген атайын үйгө жалгыз киргизишет. Атемир баш болгон эр бүлө кыздын себинин, тойдун камылгасы менен алаксып, кызмат кылган келин-кыздар баатырдын үстүнө даап кире албай эки күн, эки түн тамак ичпей жалгыз олтуруп калган Манас катуу ызаланат. Манастын кандайча конок болуп жатканын көргөнү келген кырк чорого ачууланып, атын алдырып, Атемирдин шаарын чапкыла деп чоролоруна буйрук берет. Бакайдын айтуусу боюнча чоролор калп эле дарбаан салып, сез көргөзүшөт. Күйөөнүн чыр чыгарган себебин билишкен кайындары Манасты кантип токтоторун билбей катуу бушайманда калганда, Санирабига күйөөнүн алдына өзү келип кечирим сурап токтотот. Кырк бир өргөө тигилип, Каныкей баш болуп анын нөкөр кыздарынын ар бири бирден үйгө кирип, Манастын чоролору да бирден кызга үйлөнмөк болот. Ат жарыштырып, көз таңып коюп карматып, жар тандоо расмисин жасап, Манас Каныкейди , Алмамбет Аруукени алат. Кырк күн той болуп, Шакан байбиче кырк бир келин ээрчитип, кудалар элине кайтышат.

Баатырдын күйөөлөп барышы, колуктусунун, анын атасынын оор тапшырмаларын аткарышы, кыз-күйөөнүн ортосундагы чатак өңдүү көрүнүштөр жөө жомоктук, эпикалык даяр сюжеттерден. Бул сюжеттердин теги баатырдык үйлөнүү темасы менен байланышып, улам кийинки доорлорго ылайык өзгөрүүгө дуушар болгон. Эпизод Радлов жазып алган вариантта Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын мүнөздө берилген.

Саякбай Каралаевдин вариантында Манас күйөөлөп барып, Кумайыкты Каныкейге берип жакшы бак деп тапшырат. Каныкей аны көп азап менен багып чоңойтот. Бирок, өзгөчө ойноок чыккан Кумайык алтын каргысын жара тиштеп бошонуп кетип, Каныкей кармай калгыча коломтодогу табылгынын чогуна куйругун чаап алат. Колуктусун алып кеткени келген Манас Кумайыктын куйругунун учу эки эли күйүп калганын көрүп Каныкейди кабыргасын сындыра тээп, албай кетет. Окуянын аягы «Семетейде» Каныкейдин жомогунда берилген. Сюжетте эки ачалык бар. Каныкей эскерүү баянында Манас күйөөлөп келгенде керегенин башында турган канжар кынынан суурулуп кетип Манастын билегин чийип өтөт. Муну шылтоо кылган Манас Чубактын өчүн алуу үчүн Букарды алты жолу чаап алып, Каныкейди салбар кылып таштап кетет. Каныкей артынан көчө барып, Манастын айлын баса конуп, акылы, эптүүлүгү менен алынып, баатырга аял болуп калат.

Шапак Рысмендеевдин вариантында, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын берилген, бирок Шапак Рысмендеевдин вариантында Манас Сарыбайдын жылкысын тийип келип берип, кайнатасынын батасын алганын баяндаган эпизод да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4