Манастын түшү

Википедия дан

Манастын түшү — окуянын маанилүү бутактарынын бири, сюжеттин эпикалык салттарга ылайык татаалданышынын мүнөздүү көрүнүшү.

Азиреттин тоосунда турган маалда Манас ыраң жетилген жаз күнүндө үйүндө уктап жатып түш көрөт: уйдай ташты боордой кескен курч кылыч таап алат, кылычы жолборско айланып, дөбөдө туруп күркүрөп айбат көрсөтсө төрт аяктуунун баары кашына келип баш ийишет. Жолборсу карчыга болуп асманга талпынып үн салса канаттуудан калбай Манаска таазим кылат. Карчыга кушту оң колуна кондуруп турган Манас ойгонуп кетип, бул тегин түш эмес экенин түшүнүп, кыргыз, казак, кыпчакты бүт чакырып той өткөрөт.

Тойдун салтанаты бүтүп, эл тарайт, баатыр өз элиндеги калк бийлеген мыктыларды, билерман карыларды, кырк чорону бүт Карабөрктүн ордосуна киргизип, колуна жалаң кылыч алып, босогого жөлөнүп жүйүртө басып олтуруп, түшүн айтып, жоруп беришин өтүнөт. Жакып уулунун түшүн балалуу болот экенсиң деп жорумак болуп Кайып кан кызы Карабөрк эркек уул... деп келатканда Манас каарына келип атасын жаман көзү менен карап жүзүнөн заары чыгат. Баласынын жактырбаган түрүн көрүп корккон Жакып оозунан сөзү түшүп, олтуруп калат. Муну баамдаган Ажыбай Манастын каалаганы эмнеде экенин дароо түшүнүп, какандан чыккан эпсиз баатыр Алмамбет келип өзүңө жолдош болот экен деп жоруйт. Ажыбайга ыраазы болгон Манас улуктуктун белгиси болгон кымбат баа чапан жаап урмат көрсөтөт.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта көп деталдарына чейин Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын баяндалат.

Саякбай Каралаевдин  вариантында жок. Шапак Рысмендеевдин вариантында,Багыш Сазановдун вариантында жана башка манасчыларда да Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4