Манас Эсенкандын соодагер тыңчыларын жайлаганы
Манас Эсенкандын соодагер тыңчыларын жайлаганы — эпостогу окуялардын өнүгүш системасында Манастын алгачкы эрдиктеринин катарына кирген сюжеттин орчундуу бутагы.
Манастан жеңилип качкан алтайлык калмактар бул жактан Манас аттуу бир ажыдаар чыкты, Эсенканга неткен, эмдигиче соо коюп эси кайда кеткен?! Муну эмитеден жоготпосо болбойт! дешип падышасы Эсенканга арызданышты. Эсенкандын аярлары да аскер жиберип, жаш кезинде жайлоо керектигин айтышат. Дайынсыз жаш балага каршы кол жиберүүдөн намыстанган Эсенкан аныгын билип, колуңардан келсе байлап келгиле деп 40—50 төөгө көп дүнүйө жүктөп, соодагер кылып балбандарын жөнөтөт. Беш ай жол жүргөн кербендер Алтайдагы Аземил суунун боюнда ордо атып жатышкан Манастарга туш келет. Манас тооруп ичке түшүп, чүкө черткени жаткан болот. Жол бетине курулган ордону кечип тепсетип келе жатышкан кербендерди төөңдү сыртка тарт дешсе болушпайт. Манас черткен чүкө тийип бир төөнүн шыйрагы, алдыдагы кербенчинин эшегинин буту сынып кетет. Буту сынып төө калды, бу жолдошум жөө калды деп кербен башы кытай ачууланып, байлап алмак болуп Манаска кол салат. Кербенчи-тыңчы кытайлар бүт өлүм табышат. Жан кыйба?!— деп өтүнүшкөн кызматчы сарттарды аман калтырышат. Төөлөргө артылган жүк алтын, күмүш, зер, торгун, тубар, дүрүйө, чүчтө, буулум сыяктуу толгон кымбат дүнүйөлөр экен. Дүнүйөлөрдү бөлүп алышсын деп Манас элге кабар бердирет. Калк чогулуп келет. Кербенчи сарттардан соодагерлердин жайын уккан Жакып Эсенкандын өзүнө тиешелүү мүлк экен, арты кандай болот, паашага катылып алып балакетке кабылбайлы деп убайым тартат. Мурда соо белек, баягы эле каршылаша жүргөн калмак-кытайлар эмеспи — деп аны Акбалта жемеге алат. Чогулгандар болору болуптур, эми сабыркоодон пайда чыкпайт дешип, кырк беш төөдөгү дүнүйөнү бөлүп алышат. Кербенге малай болуп келген сарттарды жай-жайына коё беришет.
Эпизод Радлов жазып алган вариантта жок, Саякбай Каралаевдин вариантында бир канча кеңири берилип, башка майда окуяларды да камтып турат. Кочку менен болгон согушта качып кутулган Тагылык Эсенканга барып Манастын жайын айтып, азыр тороло элек кезинде кармап албасаң, түбүндө өзүңдү соо кылбайт дейт, Эсенкан Манасты кармап келдик деп мурда мени алдаган турбайсыңарбы деп билгичтери менен балбандарын каарып, Дөңгө дөө менен Жолойду баш кылып Манасты байлап келүүгө он миң кол аттантат. Алар Алтайга жетип тыныгууга токтоп, Жолойдун акылы боюнча кырк нарга пул артып, соодагер болуп айлына барып, жалаа жаап шылтоолоп Манасты кармап келгиле деп Чоң Дөөдүрдү баш кылып эки жүз балбанды жөнөтүшөт. Алар Манас жолдоштору менен ордо атып жаткан жерге келишет. Манас черткен чүкө кербендин алдыңкы төөсүнүн бутуна тийип, жилигин сындырып кеткенде чатак чыгып, балбандар Манастан кыргын таап, Дөөдүр качып кутулат. Дөөдүрдөн Манастын кабарын уккан кытай колу каптап келип кыргындуу согуш башталат. Жалгыз көздүү Дөңгү Манастын колунан ажал табат. Жекеге чыккан Жолой Манасты миң төөдөгү чайымды алгансың (эпизод Саякбай Каралаевдин вариантында атайын окуя катары айтылбайт; Сагымбай Орозбаковдун вариантында бар) деп күнөөлөйт. Кармашып алы жетпешин билгенден кийин качкан Жолой Манас жетеринде күндү жайлап, туман түшүрүп кутулуп кетет. Манастын жоону жеңген урматына кырк үйлүү кыргыз той берет. Манас кырк жолдошу менен талаадан жолуккан карышкырды кубалап барышып, кырк чилтенге кезигет. Манасты издеп жигит пири Шай да келген болот. Алар Манасты колдой турганын айтышып, мусулман динине киргизишет.
Баатырдын алгачкы эрдиктери катары эсептелген согуштарда эле эпикалык негизги душман катары [[Жолой|Жолойдун]] катышы «Манас» эпосунда уютку болгон эң эски окуялардан. Муну «Мажму ат-таварих» деги маалыматтар да айгинелейт. Радлов жазып алган вариантта да Манастын негизги душманы катары Жолой көбүрөөк эскерилип, Коңурбайдын аты алда канча аз учурайт. Башка белгилүү манасчылардан Шапак Рысмендеевдин варианты, Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, ТМВда бул окуя негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.Багыш Сазановдун вариантында башкача айтылат. Манас жети жашка толгондо Эсенканга акылчы аярлары Талас деген жерде кыргыз деген элде Манас аттуу бала туулду. Ал кытайга ок атчу шердин шери экендигин эскертишет. Эсенкан 200 нарга пул жүктөтүп, 2000 черүүнү жөнөтүп, Манасты ак үйлүү берсин, бербесе зордук менен байлап келгиле деп тапшырат. Кытай колу Таласка келип, Манасты ак үйлүү сурайт. Аргын, ногой кеңешип, бермек болушат. Манас кырк чоро курап калган кези экен. Манастар ордо атып жатканда кытай колу үстүнөн чыгат. Манас черткен томпой кербендердин төөсүнүн бутун сындырып, чатак чыгып, кармашта Манас жолдоштору болуп 2000 кытайды бүт кырып салышат, жүктөп жүргөн пулдарын олжо кылып, эки төрөсүнүн кулак-мурдун кесип, даттанып бар деп айдап жиберет. Муну уккан аргын, ногойдун билермандары кытайдан калың кол келсе кайда качып кутулабыз? Андан көрө бир бала экен, Манасты байлап, башына шири кийгизип, кытайларга берип кутулалы деген бүтүмгө келишет. Кырк чоросу менен качып чыккан Манас Шаймерденге барат, окуп сабаты ачылып келет. Кулак мурду кесилип барган төрөлөрүн көргөн Эсенкан көп кол аттантмак болгондо, аярлары азыр Манасты жеңе албайбыз, ал акыры Бээжинге өзү казатка келет, алтымыш бир жашында ажалы айбалтадан деп, токтотуп коюшат. Эсенкан болоттон айбалта жасатып, аны ажыдаардын уусуна жаткырып камданат.
Болочок баатырды өзүн колдой турган кереметтүү күч ээлери жолугуп (кырк чилтен, Кыдыр жана башкалар) алардан бата алышы, керек учурда жардам берерин билдиргени, кээде белгилүү адамдар баатырга жолугуп, динге киргизүү түрк элдеринин эпосторунда көп учуроочу белгилүү сюжеттерден. «Манаста» мындай сюжет Манас менен Алмамбетке байланыштуу окуяларда жолугат. Манасты Саякбай Каралаевдин вариантында кырк чилтен мусулман динине киргизсе, Сагымбай Орозбаковдун вариантында кырк чилтен жана атайын Мекеден келген касиеттүү кары Абунасыр мусулман кылат. Алмамбетке мусулманчылыктын жөнүн түшүндүргөн адам эки вариантта тең — Көкчө.
Жакыптын агасы байдын баяны — Манастын өспүрүм-жигиттик курагында өзүнө жолдош жана тууган издешине байланыштуу окуялардын бири. Сюжеттик өнүгүүдө окуялардын андан ары чиеленишин шарттоочу деталдардан.
Ногойдун балдары туш-тушка сүрүлгөндө Орозду менен Бай Кашкар тарапка айдалат. Ороздунун он уулу болуп, ыркы жоктугунан чатак менен чырдан баштары арылбайт. Атасынын да, эки баласы менен Байдын мазесин алышат. Байдын улуу баласы Бакай, кичүүсү Тайлак. Экөө тең эстүү-баштуу. Өзгөчө Бакай токтоо, нускалуу сөздү көңүлүнө түйгөн акылмандыгы менен айырмаланат. Ороздунун балдары тынчтык бербей койгондо алар башка жерге көчүп кетүүгө аргасыз болот. Туугандары эсине түшкөн Бай уулу Бакай менен кеңешип иниси Жакыпты издеп чыгат. Алтай тарапка бет алган Бай көп жер басып, арага эки конуп, үчүнчү күнү түш ченде жапан чөлдөн арык казып жаткан адамдарга кез келет. Арыктын ээси Нескара, арык казган алты миң мандикердин башчысы Басаңкул аттуу сарт экен. Нары-бери каттаган адамдарды кармап алып, атын союп, өзүнө арык каздырып, өлгөндөрдү арыктын кырына таштап, көөмп салышат экен. Байды кармап алышып, атын союп, колуна кетмен берип, арык каздырып коюшту. Чарчадым десе болбой, чап бачым деп шаштырып турат. Эки жарым күн арык казгандан кийин чаалыккан чалдын шайы кетип, эси ооп жыгылып калат. Арыкчылар чал өлдү дешип, Байды арыктын кырына сүйрөп таштап, көөмп салышат. Нескаранын элүү жин колдоочусу бар экен. Ошол колдоочулары Чабдар аты болуп Нескарага Алтайды жердеген Жакып дегендин көп жылкысы бар, ошону барып тийип ал, артынан Манас аттуу баласы куугунга келет, быйыл он үч жашта, балтыр эти толо электе жайлап сал, антпесең акыры өзүңдү соо койбойт — деп кеңеш берет. Нескара каздырып жаткан арыгын таштап, алты миң мандикерин аскер кылып айдап алып Алтайды беттеп жүрүп калды. Кол алты күн жол жүрүп Жакып бай жашаган жердин чегине жетет. Жылкыга барып баламды көрүп келем деп үйүнөн аттанган Жакып жолдон көп караан көрүп, шекшинип, жашынып калат да, колду өткөрүп жиберет. Жалгыз-жарым жүргөн жан болсо бул көп кошундун жөнүн билсем деп акмалап турган Жакып алыстан келаткан элес-булас бир караанды көрөт.
Өлдү деп арыктын кырына сүйрөп көмгөндө Байдын көкүрөгү кырчындын көңдөйүндө калган экен. Ээси Нескарага Чабдар аты айткан сөздөрдү көмүлүп жаткан Бай угат. Арыкчылар аттанып кеткен соң эптеп кумдан суурулуп чыгып, качып кутулууну ойлойт. Колотто жүргөн аты качыр, беш эшекти көрүп, качырлардын бирөөнү кармап алат. Арыкчылардан калган көбү бала, азыраагы чал кырк — элүү адам аны көрүп ууру экен деп ойлоп кармамак болушат. Кыраңга чыга качкан Бай кайра кете турган жолу тосулуп калгандыктан эл карааны көрүнгөндө бурулуп кетермин — деп ойлоп, Нескаранын колунун артынан акмалап жүрүп отурат. Жакыпка көрүнгөн караан Бай экен. Күтүп турган Жакып утурлай барып, мөндү — деп учурашат (ал кезде биздин эл салам айтууну билчү эмес). Бай амансыңбы?, — деп жооп берет. Жакып буурул сакал, тигил адам ак сакал экен. Көрүшпөгөнү көп болгон экөө бири-бирин тааныбай калган экен, жай сурашып бир тууган экенин билишкенде, аттан ооп түшүп, ыйлап көрүшүштү. Байдан Нескаранын көп колу Манас аттуу баланы жайламак болуп келатканын угуп, шаштысы кеткен Жакып айылына барып туш-тушка жакындарына жаңы туугандары — манжулук калмактарга, Акбалтаны жиберип казактарга, Күнөс балбанга, Айдарканга кабар айттырды.
Байдын окуясы жогорудагы сюжеттик мындай өнүгүштө Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында гана эмес, Сагымбай менен бир айтуучулук мектепке кирген, негизинен Тыныбек манасчыдан таалим алган манасчылар тобундагы Тоголок Молдо, Шапак Ырысменде уулу өңдүү айтуучулардын варианттарында да учурабайт. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында гана ушул окуяга үндөшүп турган эпизод бар. Бирок андагы каарман Бай эмес. Алты шаардын Аксы деген жерин жердеп турган кытай баатыры Нескара ары-бери өткөн жолоочуну кармап алып, арык казганга салчу экен. Кашкарга мал сатканы кеткен Жакып кечиккенде аны издеп чыккан Байжигит Нескарага кабылып калат. Атын союп, өзүн арыкка салат. Байжигиттин Манаска жакын адам экенин угуп, Нескара аны алдырып келип, жайын сурайт. Манастын жөнүн уккан Нескара алты миң кол алып, Манасты кармап келмекке жөнөйт. Байжигит колдон калган качырды кармап минип жөнөп, жолдон Жакыпты да таап алып, Нескарадан мурда келип Манаска кабар айтат. Манас Айдаркан менен Көкчөгө киши жиберип, өзү камданат.
Сюжеттин өнүгүшүндөгү орду боюнча да Молдобасан Мусулманкуловдун вариантындагы бул окуя Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын. Манас Эсенкан жиберген соодагер тыңчыларды жайлап, дүнүйөсүн элге тараткандан кийин дароо башталат жана аягы Нескара менен Манастын согушуна такалат, бирок Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы башкы максат Бай менен Бакайды сюжеттик нукка киргизүү, окуяларга аралаштыруу болсо, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Жакыптын жакын адамдарынын бири, уруу аксакалдарынын көрүнүктүүлөрүнөн делген Байжигит жөнүндө сөз болот. Ошондой болсо да эки вариантта тең окшоштук жана окуянын сюжеттеги туруктуу орду бул эпизоддун белгилүү салттык окуялардын бири экендигин айгинелейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4