Манас эциклопедиясы

Википедия дан

“Манас” энциклопедисы – эки томдон турган “Манас” эпосу боюнча атайын түзүлгөн уникалдуу эмгек (Бишкек, 1995). Коомчулук тарабынан жогору бааланып, 1998-ж. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлектеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Эпостун проблемаларына арналган 3 миңден ашуун макала камтылып, ага 170тей авторлор катышкан. Мында “Манас” эпосунун ар кыл маселелери боюнча негизги маалыматтар берилген. Энциклопедияда манасчылар, жыйноочулар, изилдөөчүлөр, котормочулар жана эпоско кыйыр же тикелей тиешеси бар чыгармалар, алардын авторлору, режиссёрлору, операторлору, сүрөтчүлөр, ролдорду аткарган артисттер жөнүндө жазылган таржымал макалалар, ошондой эле чет өлкөдөгү Манас айтуучулар, жарыялоочулар, изилдөөчүлөр өзүнчө чыккан китептер макала түрүндө берилген. Энциклопедиянын көздөгөн максаты – кыргыздын баатырдык эпосу “Манастын” өз алдынча турган бөлүмдөрдүн көркөм тексттерин, мазмунун, сюжетин, варианттарын, поэтикасын, мотивдерин, образдар түзүлүшүн, көркөм каражаттарын, топонимикасын, эпостук аталыштарын, антропонимдерин, философия жана диний түшүнүктөрүнүн катмарларын, жалпы эле анын кыргыз элинин рухий турмушуна тийгизген таасирлерин чечмелеп берүүгө арналган. Бул эмгекти даярдоодо КРУИАнын адис окумуштуулары, тактап айтканда Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун кызматкерлери активдүү катышкан. Энциклопедиянын мазмунун камтыган 3 миңден ашуун термин сөздөр, түшүнүктөр мурда басылып чыккан, ошондой эле КРУИАнын кол жазмалар фондунда сакталып турган эпостун бардык варианттарынан тандалып алынган. Мындай материалдарга 16-кылымдын баш ченинде жазылган “Мажму ат-таварих” (Тарыхтар жыйнагы), Ч. Валиханов, В. Радлов, Г. Алмаши, С. Смирновдордун.“Манас” эпосу боюча жазып алган материалдары, “Семетей” эпосунун Тыныбектин айтуусу боюнча басылып чыккан үзүндүсү, 40-жылдарда “Манас” серияларында жарыяланган эпостун айрым бир эпизоддору, эпостун үч бөлүмүн камтыган курама варианты, С. Орозбаковдун 4, С. Каралаевдин 5 китептен турган варианттары кирет. Ошондой эле Ш. Рысмендеев, Б. Сазанов, М. Мусулманкулов, Тоголок Молдо, Жусуп Мамайдын варианттары да пайдаланылган. Энциклопедияда бир кыйла көлөмдүү орун чыгармадагы каармандардын мүнөздөмөлөрүнө ыйгарылган. Окуяларга көп катышып, алардын жүрүшүндө активдүү роль ойногон Манас, Бакай, Кошой, Алмамбет, Семетей, Сейтек, Каныкей, Айчүрөк, Коңурбай, Жолой жана башка башкы каармандардын ар бирин сыпаттаган көлөмдүү макалалар менен бирге эле, окуяларда аты гана эскерилген же бир гана эпизоддо катышкан кейипкерлерге берилген чакан шилтеме маалыматтарга чейинки материалдар менен окурмандар “Манас” үчилтигинде катышкан, сөз болгон, аты эскерилген ар бир кейипкер каарман жөнүндө кабар алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көлөм жагынан да, мааниси жагынан да энциклопедиядагы өзгөчө орунду ээлеген материалдар эпостун жаратуучулары жана сактоочулары-манасчылар жөнүндөгү баяндамалар түзөт. Элге кеңири болгон улуу жомокчулардан тартып, аты, атагы бир айылдын чөйрөсү менен чектелген эпос айтуучуларга чейинки ар бир инсан,алардын варианттары, манасчылык өнөрү, жеке табылгалары менен салттык көрүнүштөрдү өздөштүрүү жана пайдалануу чеберчилиги, аткарган вариантындагы сюжеттик нук, салттык өзөк сыяктуу орчундуу маселелер боюнча кыскача маалыматтар, ошондой эле эпостун тексттери качан, ким тарабынан жазылып алынганы, ал материалдардын кийинки тагдыры, кайда сакталганы, көлөмү жана башка маалымат-кабарлар берилген. Бул топтогу макалалар “Манас” эпосуна кызыккан ар бир окурман үчүн гана эмес, кыргыздардын улуу мурасына тиешелүү көптөгөн илимий проблемалар боюнча пикир айтууга далалаттанган иликтөөчү окумуштууларга да кыйла кызыктуу маалыматтар, фактылар табылат. Энциклопедияга илимге белгилүү 85 манасчынын ысымы камтылган. Алардын өмүр баяны, варианттарынан көлөмү жана мазмуну сыяктуу негизги маселелерге жооп берүү аракеттери жасалган. Энциклопедиянын мазмунун түзгөн макалалардын чоң тобун “Манас” эпосунун идеялык көркөмдүк турпат-касиеттерин ачып берген материалдар түзөт. Айрыкча баатырдык эпос, вариант, генеологиялык циклдешүү мыйзамы, ошондой эле кыргыз жомогуна тиешелүү өзгө-чөлүктөр жөнүндөгү көлөмдүү, жалпылоочулук мүнөздөгү ойлорду камтыган макалалар эпос күйөрмандары үчүн да, аны үйрөнүүгө далалаттанып кызыккандар үчүн да орчундуу мааниге ээ. Энциклопедияда “Манас” эпосун изилдөөчүлөр, алардын жасаган иштери туурасында макалалар да орун алган. Орустун белгилүү окумуштуусу В. В. Радлов, казак ориенталисти Ч. Валихановдон бери тарта кыргыз манастаануучулары – С. Мусаев, Р. З. Кыдырбаева, Э. Абдылдаев, К. Кырбашев, А. Жайнакова, Р. Сарыпбековдордун эпос боюнча жазылган эмгектери энциклопедиянын баалуулугун көтөрүп турат. Чет элдеринде жарыяланган “Манастын” тексттери менен алардын окумуштууларынын кыргыз эпосунун ар кыл проблемалары боюнча жүргүзгөн изилдөө топту түзгөн материалдар бар. Бул эмгекте, эпостун мазмунуна байланышкан искусствонун бардык тармактары, алардын чыгармачылыгы туурасында маалыматтарга да кеңири орун берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004