Маннаф Аубакиров

Википедия дан
Аубакиров Маннаф

Аубакиров Маннаф (1925, Зайсан ш., Чыгыш Казакстан облусу - 1945, Германия) — Даңк орденинин толук кавалери, улук сержант.
1939-ж. Кочкор айылында (Кочкор району) жашап, ошол жерден 1943- ж. Кызыл Армияга чакырылган.
Советтик Армияга 1943-жылы мартта Кыргыз ССРинин Кочкор райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка Степной, 1-Беларусия, 2-Прибалтика бою фронтунун курамында замбиректин командири болуп катышкан. Буг жана Висла дарыяларын алууда эрдик көрсөткөн. Курск догосундагы салгылашууда Пулавский плацдармында Варшава-Радомск группировкаларын жок кылгандыгы үчүн 3-даражадагы (25-август 1944), Нова-Валя кыштагын бошотуудагы эрдиги үчүн 2-даражадагы (17-февраль 1945), Лебус шаарына (Германия) жакын жердеги урушта курман болгон, Берлин операциясына катышып, эрдик көрсөткөндүгү Ошондогу каармандыгы үчүн кийин 1-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган (15-май 1946). Баатыр жоокердин сөөгү Франкфурт-на-Одердеги Шторков шаарынын четине коюлган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1