Маньчжоу-го

Википедия дан

Маньчжоу-го (Манжур мамлекети) — япон империалисттери Түндүк-Чыгыш Кытайда — Манжур аймагында түзгөн мантай мамлекети (1932—45).

Колониялдык эзүүдө болуп, Кытайдын калган аймагына, СССРге жана МЭРге каршы согуш плацдармы ка­тары пайдаланылган. 1931-ж. 18—19- сентябрда Япония Шэньян (Мукден) районунда Кытайды Түштүк Манжурга тиешелүү жерди бузду деп шылтоолоп, Кытайдын түндүк-чыгыш ай­магына аскерлерин кийирип, ошол жердеги үч провинцияны (1934-ж. Жэхэ провинциясын да) каршылыксыз ээлеген.

Япон чалгындоо уюму менен байланышкан Цин Пу И 1934-ж. 1-мартта Маньчжоу-Гого императорлукка (Манжур Дин династиясынын акыркы императору) дайындалган. Бирок Маньчжоу-Гону негизинен япон империалисттеринин өкүлдөрү башкапган. Япон милитаристтери Маньчжоу-Годо Кытай армиясыньтн санын 12 миңден 780 миң, Маньчжоу-Гонун армиясын 170 миң адамга чейин жеткирип, СССРдин чек арасына жакын жерлерге бекемделген стратегиялык курулуштарды, ар кандай жол түйүндөрүн, аэродром ж. б. согуш объектилерин курган.

Маньчжоу-Го аймагынан Япония 1933—39-ж. бир нече жолу СССР жана МЭРге каршы [Хасандагы (1938), Халхин-Голдогу (1939)] согуш чагымдарын уюштурган. Жергиликтүү калкты ырайымсыз эзүү эл каршылыгын күчөткөн. 1932-ж. көптөгөн партизандык отряддар түзүлүп, алар 1935-жылдан коммунисттердин жетекчилиги менен бирдиктуү аракеттенишкен. Бирок ал отряддардын көбү 1941-ж. япондуктардан талкаланган. Советтик Ар­мия Түндүк-Чыгыш Кытайды япон бас- кынчыларынан бошоткон соң (1945, авг.) Маньчжоу-Го жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.