Маргулан Алкей Хасанович

Википедия дан

Маргулан Алкей Хасанович (Маргулан Алке Хакан уулу, 1904-ж., Павлодар областы Баянауыл району) – казак элинин көрүнүктүү илимпозу. Бүткүл союздук География коомунун анык мүчөсү. Филология илимдеринин доктору. Казак ССР ИАнын академиги, профессор. Анын окумуштуулук даражасы көп кырдуу: тарых, археология, адабият жана маданият. Тарых боюнча 400гө жакын илимий эмгектердин, макалалардын автору.

1957–67-жылдары Ч. Валихановдун адабияттагы илимий мурастарын, анын ичинен “Манаска” тиешелүү эмгектерин да иреттеп, 6 томдук чыгармалар жыйнагын чыгарууга башчылык кылган. А. Маргуландын “Манас” эпосун изилдөөгө айрыкча сиңирген эмгеги катары Ч. Валиханов жаздырып алган “Көкөтөй хандын жомогун” СССР ИАнын Азия элдеринин институтунун архивинен таап, 1965-ж. жарыялап, “Шокан жана Манас” аттуу монографиясын жазган. Ал “Манас” эпосу жөнүндө илимий иликтөөдөн жана Ч. Валиханов жаздырып алган ”Көкөтөй хандын эртеңкиси” деген фото көчүрмөсүнөн турат. Маргуландын бул эмгеги Манастаануу илимине чоң салым кошкон. Эмгек көп архивдик материалдардын, тарыхый фактылардын негизинде келип чыккан. Автордун башкы концепциясы боюнча алганда “Манас” эпосу көп кылымдын чыгармачылык көркөм туундусу. Анын түпкү идеясы чапкынчылык эмес. Тескерисинче тышкы жоонун чапкынчылыгынан эли жерин сактоо, ал үчүн өмүрүн арноо, керек болсо өлүмгө баруу мына ушунун өзү эпостун негизги сюжети. “Манастын” эзелки мазмуну Орхон-Енисей жазуулары менен тыгыз байланыштуу. Анын эң алгачкы калыптанышына түрк каганаты кезиндеги кытай башчыларынын баскынчылыгына каршы жүргүзүлгөн баатырдык күрөштөр, Бээжиндин тегерегиндеги нечен ирет кайталанган кандуу согуштар зор өбөлгө болгон. Маргулан “Манастын” жаңыдан калыптануусуна ногойлу-кыпчак заманы чоң роль ойногон деген Ч. Валихановдун пикирине кошулат. Ошентип, Маргуландын пикири боюнча “Манас” эпосу байыркы мифтен орто кылымдан баштап, (13-15-к.) ногойлу-кыпчак мезгилинин уламыштарын, баатырдык ырларын, жунгар чабуулунун даректерин, 19-кылымдагы Кокон хандыгы менен байланыштуу карым-катнашты Кашкардын Жангир кожосун Россиянын ак падышасы баарын ичине сиңирип келген көп катмарлуу көркөм чыгарма болуп жетилет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”