Марсиан (тасма)

Википедия дан

"Марсиан" (англ. The Martian, орус. Марсианин) — 2015-жылдагы Американын илимий фантастикалык тасмасы. Режиссеру Ридли Скотт, Энди Уэйрстин 2011-жылдагы ушул эле аталыштагы романына негизделип тартылган. Мэтт Дэймон Марста каза болду делип, ошол жакта калып калган астронавттын образын жаратат. Тасма астронавттын жашоо үчүн күрөшүн, ал эми башкалардын аны куткарууга аракет кылганын чагылдырат. Тасманын актердук тобунда Жессика Чэстейн, Кристен Уиг, Жефф Дэниелс, Майкл Пеня, Кэйт Мара, Шон Бин, Себастян Стэн, Доналд Гловер, Аксел Хенни жана Чиветел Эжиофор кирген.

Продюсер Саймон Киңберг 20th Century Fox компаниясы тарабынан сунушталгандан кийин тасманын үстүнөн иштей баштаган. Бирок 2013-жылдын мартында Дрү Годдард сценарийин ылайыкташтырып, режиссерлукка да бекитилгенден кийин тасманын иши алдыга жылбай койгон. Киңбергдин ордуна Скотт келип, Дэймон башкы каармандын ролуна тандалгандан кийин тасманын өндүрүшү бекитилген. Тасма тартуу иштери 2014-жылдын ноябрь айында башталып, 70 күндөй уланган. Жыйырма сахналык көрүнүш дүйнө жүзүндөгү эң ири деп эсептелген Венгриянын Будапешт шаарындагы үндүү сахнада тартылган. Иорданиядагы Рум өрөөнү да тасма тартуу үчүн фон катары пайдаланылган.

"Марсиан" тасмасынын бет ачары 2015-жылы Торонто кинофестивалында 11-сентябрда болуп өткөн. Ага улай эле бир айдан кийин 2-октябрда АКШдагы кинотеатрларда 20th Century Fox компаниясы тарабынан көрсөтүлө баштаган. Тасма 2D, 3D, IMAX 3D жана 4DX форматтарында көрүүчүлөргө сунушталган.[5] Киносынчылардын оң баасына татып, дүйнө жүзү боюнча 630 млн доллар топтоо менен Скоттун ушул күнгө чейинки эң көп киреше алып келген тасмасы болуп калган. Тасма 2015-жылдагы эң көп киреше алып келген фильмдердин ичинен онунчусу болгон. Кинотасма бир нече наамдарга көрсөтүлгөн. Алтын глобустун "Эң мыкты тасма — мюзикл же комедия" категориясы боюнча, Оскардын жети наамына, анын ичинде "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты ылайыкташтырылган сценарий" (Годдард) номинациясы боюнча, Гюгонун "Эң мыкты драма көрсөтүүсү" сыйлыктарга көрсөтүлгөн. Дэймон Алтын глобустун "Эң мыкты актер — мюзикл же комедия" сыйлыгына татып, Оскардын "Эң мыкты актер" жана башка бир нече номинациясына, БАФТАнын "Эң мыкты актер" наамына, АКШнын киносынчылар сыйлыгынын "Эң мыкты актер" категориясына көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]