Масалит
Масалит | |
Дар-Масалит султандыктын желеги | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 440 миң адам | |
Тили | |
Дини |
мусулмандар (сүннөттөр) |
Расалык тиби |
Масалит (Кана Масалака, Масарака, Месалит, Массалит, англ. Masalit, ар. .ماساليت) — эл. Судандын батышында (Дарфур) жана Чаддын чыгышында (Ваддаи) жашайт[1]. Жалпы саны 440 миң адам.
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Масалит тилинде сүйлөшөт. Ошондой эле араб тили кеңири таралган.
Дин
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр). Бирок салттуу ишенимдердин таасири калган[2].
Чарбалык иштер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Көпчүлүк дыйканчылык менен алектенишет. Майда фермерлик чарбалар өнүккөн. Масалит дыйкандары таруу, жер жаңгак, сорго, сезам, манго, кориандр өстүрүшөт[1].
Турак жай
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кадимки үй конус формасында, жыгачтан жана самандан курулган[2].
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Масалит уруусунун уламыштары боюнча, алардын түпкү мекени түндүктө болуп, Туниске чейин созулган. Бирок алар өз жерлерин таштап, азыркы Чаддын аймагынан өткөндөн кийин, акыры азыркы Суданга отурукташып калышкан. Алар исламды 17-кылымда кыдыруучу мусулман дааватчыларынан кабыл алышкан.
Дарфур жаңжалында (2003-2020) эл джанджавид арабдары тарабынан геноцидге дуушар болгон.Ошол себеп менен элдин бир бөлүгү коңшу өлкөлөргө (Чад, БАР, Түштүк Судан) качууга аргасыз болушкан.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 James Stuart Olson, Charles Meur. The Peoples of Africa: An Ethnohistorical Dictionary. — Greenwood Publishing Group, 1996. — 706 с. — ISBN 978-0-313-27918-8.
- ↑ 2.0 2.1 Калиновская К. П. Масалит // Народы и религии мира: Энциклопедия. — М.: Большая Российская энциклопедия, 1999. — С. 96. — ISBN 5-85270-155-6.