Машина-мал чарба станциясы

Википедия дан

Машина-мал чарба станциясы - отор мал чарбачылыгында түрдүү жумуш аткарууга адистештирилген ишкана. 1949-ж. уюшула баштаган.

Ал өз алдынча чарбалык эсептеги уюм; келишим менен иштеп, тоют даярдоо, кыштоого жеткирүү, үрөндүк жайыт чөбүн өстүрүү, жапайы чөптүн уругун камдоо, жемдик эгин эгүү, жайыт менен чабындыны жакшыртуу, мал чарбадагы жумушту механикалаштыруу ж. б. ишти аткарат.

Зарылдыгына жараша кошумча станция жанa отряд уюштуруп турат. СССРде 150дөн ашык түрү болгон, Кыргызстанда 11 станция жанa отряд иштейт (Суусамыр, Кең-Аңыракай, Наткал ж. б.).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.