Медаль жасоо өнөрү

Википедия дан

Медаль жасоо өнөрүмедаль жанa монета жасоо өнөрү; глиптика (кымбат баалуу таштардын бетине оймо-чийме түшүрүү) өнөрү сыяктуу майда пластиканын түрү.

Монета жанa медаль жасоо үчүн дат баспас металл (жез, алтын, күмүш ж. б.) колдонулат. Медаль жасоо өнөрү Лиция менен Байыркы Грецияда пайда болгон.

Медаль жасоо өнөрүнө ар кыл эмблемаларды, символдорду, каймана туюнтмаларды колдонуу, түшүрүлгөн оймо-чийме мн сөздөрдү композициялык жактан айкалыштыруу жанa элестүү формаларды издөө мүнөздүү. Монеталар ар кандай ыкма менен чегүү же атайын жасалган калыпка куюу жолу менен жасалат.

Байыркы Грецияда бир гана бетине оймо-чийме түшүрүлүп, кийинчерээк көлөмдүү формада (клас­сика мезгили, б. з. ч. 5—4-к.), орто кылымдарда (Батыш Европа) кайра кичине көлөмдө чыгарыла баштаган.

Италия Кайра жаралуу доорунда (15—16-к.) Медаль жасоо өнөрүнүн Пизанелло, М. де Пасти, Сперандио Савелли, Б. Челлини сыяктуу чеберлери иштеген. 17—18-кылымда монеталар көп жагынан медалга окшош болгон. 19— 20-кылымда айрым зергерлер (Ф. Понкарм, Ж. Шаплен, О. Роти — Францияда, А. Шарф—Австрияда) импрессионизмдин таасиринде жаңы көркөм каражаттарды, башкача айтканда көлөкө түшүрө билүү, образдын каптал көрүнүшүн кошумчалап жабыштыруу жолу менен көрсөтүү ж. б. ыкмаларды табышкан.

Россияда Медаль жасоо өнөрү Киев Русунда монета пайда болгондон башталат (10-к.). 18-кылымдындын аягы—19-кылымдын башында кеңири өнүккөн (мисалы, С. Ю. Юдин, Т. И. Иванов, К. А. Леберехт, П. П. Уткин ж. б.), Советтик Медаль жасоо өнөрү башынан эле көркөм каражаттар­ды табууга, бийик идеялуулукка умтулуу менен мүнөздөлөт (А. Ф. Васютинский, Н. А. Соколов, С. А. Марты­нов ж. б.). 1950-жылдан мемориал медаль чыгаруу иши үзгүлтүксүз жүргүзүлө баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.