Медиа билим берүү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Медиа билим берүү - (латын сзүнөн media – каражат) – массалык байланыштын мыйзам ченемдүүлүгүн окуучулардын өздөштүрүүсүнө арналган педагогиканын багыты. Медиа билим берүү- окуу процессинде маалыматтык технологиялар боюнча окуучунун таанып-билүү жөндөмүн калыптандырууга арналган. Медиа билим берүү негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Окуучуларды ар кайсы булактардан тиешелүү маалыматтарды чогултууга үйрөтүү;
б)Маалымат каражаттары менен иштөөгө окуучуларды үйрөтүү жана калыптандыруу;
в) Ар кандай каражаттардан маалыматтарды алуу жана аларга жүктөй билүү.
Медиа билим берүүнүн негизги каражаттары болуп: массалык маалымат каражаттары (гезит, журнал, радио, теле берүү), аудио-видео, компьютерлер, интернет тармагы эсептелет.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004