Мектепке чейинки тарбия

Википедия дан

Мектепке чейинки тарбия – бул мектепке чейинки (0–7 жаш) курактагы балдарга үй-бүлөнүн жана коомчулуктун таалим-тарбия берүүсү. Мектепке чейинки курактагы балдарга таалим-тарбия берүү системасы бизге чейинки бардык прогрессивдүү, алдыңкы педагогикалык бай тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн. Ал педагогикалык илимдин жана балдар бакчаларынын бай иш- тажрыйбаларынын тыгыз байланышы аркылуу өркүндөйт.

Мектепке чейинки таалим-тарбиянын негизги максаты, ар-тараптан өнүккөн, айлана-чөйрөдөгү кубулуштар, мамилелер жөнүндө түшүнүктөрү бар, улууларды сыйлаган, досчулук жана жолдошчулукту урматтаган инсанды калыптандыруу. Балдарды тарбиялоодогу эң негизги каражат болуп оюн эсептелет. Акыл тарбиясы эрте жаш курактан башталып, балдардын айлана-чөйрөдөгү жашоо-тиричилик жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөрүн калыптандырат. Мамилелешүү жана таанып-билүүнүн каражаты болгон кеп үлгүлөрүн үйрөнүп, ар тараптуу тажрыйбага ээ боло башташат. Балдар бакчаларында атайы балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык түзүлгөн «Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо» программасы боюнча окуу-тарбия аракеттери иш жүзүнө ашырылат. (Балдар ар тараптуу түшүнүктөрдү өздөштүрүшөт).


Мектепке чейинки мекемелерде системалуу окутуп-тарбиялоо: - балдардын акыл-сезимдеринин өнүгүшүнө жана аларды мектепте окууга ийгиликтүү даярдоого чоң көмөк көрсөтөт; - ден-соолуктарын чыңдоо жана дене түзүлүштөрүн өркүндөтүүнүн максаты: туура режим, тамактануу, кыймыл аракеттерин өстүрүү; - маданий-гигиеналык ыктарын, көнүгүүлөрүн калыптандыруу; - жөнөкөй эмгектин түрлөрүнө катыштыруу; - кыймылдуу оюндар жана гимнастикалык сабак – көнүгүүлөрдү жана эстетикалык тарбиялоонун бардык каржаттарын (ийлеп- чаптоо, кесип, чаптоо, сүрөт ж. б.) пайдаланып балдардын ар-тараптуу өнүгүшүн камсыз кылуу. Азыркы күндө, илимий-теориялык жана практикалык бай тажрыйбанын негизинде мамлекеттик жана альтернативдүү мектепке чейинки тарбия берүү системалары өнүгүүдө. Мектепке чейинки курактагы балдарга таалим-тарбия берүүдө балдар бакчаларынын жана үй-бүлөнүн максаты бир болот. Коомдук жана үй-бүлө тарбиясынын биримдиги, тарбиячы жана ата-энелердин тыгыз байланышы, тарбиялоонун негизги шарты болупп эсептелет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004