Мектептен тышкаркы мекемелер

Википедия дан

Мектептен тышкаркы мекемелер – мектептеги окуу процессинен кийин балдар менен кошумча билим, таалим-тарбия берүүчү мекемелер эсептелет. Негизинен мында окуучулар мектептен өздөштүргөн таалим-тарбиясын өркүндөтөт, илим, техника, адабият, искусство, спорт ж. б. тармактар боюнча балдардын мүдөө-талаптарын, кызыкчылыктарын өстүрөт, балдардын эс алуусун, уюштурууга көмөктөшөт. Кеңири профилдеги Мектептен тышкаркы мекемелер: балдар үйлөрү, дворецтери, клубдардагы, театрлардагы балдар секторлору, парктарга, балдар бурчтары, жайкы эс алуу лагерлери ж. б. кирет. Ал эми тар профилдүү Мектептен тышкаркы мекемелер: балдар библиотекасы, окуу залдары, ойноо автоматтары, машиналар, жаш техниктердин станциясы, жаш натуралистер станциясы, балдардын туристтик станциясы, лагерлер, балдардын спорттук мектептери, балдар эстетикалык борборлору, балдар театрлары, куурчак театрлары ж. б. Мектептен тышкаркы мекемелер – билим жана маданият министрлигине, профсоюздук ж. б. коомдук уюмдарга, фонддорго карайт. Мктептен тышкаркы мекемелер мектептерге, ата-энелерге, балдарга таалим-тарбия берүүдө чоң жардам беришет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004