Мелиорация курулуштары

Википедия дан

Мелиорация курулуштары - табигый шарты боюнча пайдаланууга ылайыксыз (саздак, кургак, шор, таштак ж. б.) жерлерди өздөштүрүүдө колдонулуучу гидротехникалык курулуш объектилери.

Мындай жерлерди жакшыртууда агромелиорация жана жер­дин бетин тазалоо чаралары менен бирге гидротехникалык курулуштар да пайдаланылат.

Ушундай максатгы иш жүзүнө ашыруу үчүн:

  • Жерди сугарууда — плотина, канал, суу сактагыч, тундургуч суу алгыч, суу бөлгүч жана суу жүргүч ноо. жамгыр жаадыргыч ж. б. сугат техникасы;
  • Жер кургатууда — ачык жанa жабык дренаждар, кудуктар ж. б. жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөткүч курулуштар;
  • Жердин тузун жууп кетирүудө — канал, чек, ачык жанa жа­бык дренаждар. ж. б. жердин шорун азайтуучу курулуштар колдонулат.

Кыргызстанданда бул гидротехникалык курулуштардын бардык түрү кездешет. Алардын эң ирилери: Орто-Токой (сыйымдуулугу 470 млн м3), Киров атн. (550 млн м3), Төрткүл, Базар-Коргон, Найман ж. б. суу сактагычтар, Чоң Чүй каналынын түшүк чыгыш жанa батыш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.