Меньшевизм

Википедия дан

Меньшевизм - Россия социал-демократиялык партиясындагы майда буржуаздык оппортунизмдик агым; эл аралык оппортунизмдин бир көрүнүшү.

Саясий агым катары РСДРПнин 2-съездинде (1903), РСДРП большевиктер жана меньшевиктерге бөлүнгөндө чыккан. Большевизмдин Меньшевизмге каршы күрөшү Россиядагы революциячылячыл кыймылдын бардык этаптарында басаңдаган эмес. Меньшевиктер (лидерлери: Л. Мартов, П. Б. Ак­сельрод, Г. В. Плеханов, В. И. Засу­лич ж. б.) жаңы типтеги партиянын теориялык, уюмдаштыруу жана тактикалык негизине, бурж.-демократиялык революциядагы пролетариат гегемониясына, пролетариат менен дыйкан союзуна каршы чыккан; революциячыл башкы кыймылдаткыч күчү буржуазия деп, аны менен жумушчу табын кызматташууга чакырган. Реакция жылдарында (1908—10) көп меньшевиктер революциячыл жашырын иштерден баш тартып, партияны жоюу талабын койгон. Большевиктер ликвидаторлорго каршы күрөшкөн жана аларды Пле­ханов баштаган меньшевик партиячылардын чакан тобу колдогон. Меньшевизмдин бир көрүнүшү — троцкизм. РСДРП­нин Буткул россиялык 5-(Прага) конференциясы (1912) меньшевик-ликвидаторлорду партиядан чыгарган. Биринчи дүйнөлүк согушта (1914—18) көпчүлүк меньшевиктер социал-шо­винизм же центризм тарабына өткөн.

1917-жылдагы Февр. революциясынан ки­йин массанын саясий тажрыйбасы жоктугунан пайдаланып, меншевиктер эсерлер менен бирдикте Советтерде жетекчи абалга жетишип, бийликти Убактылуу өкмөткө берген. Алар В. И. Лениндин «Апрель тезистерине», бурж. демокр. рев-ядан социалдык революцияга өтүүгө каршы чыгышкан. 1917-ж. май айында меньшевиктер коалициялык Убактылуу өкмөткө ки- рип, буржуазиянын элге каршы саясат жүргүзүшүнө жардам берген. Июль кундөрундө (1917) ачык эле контрреволюция тарабына өткөн. 1917-ж. октябрдын алдында Меньшевизм жумушчу кыймылындагы агым катары жоюлган.

Меньшевиктер Октябрь революциясына каршы чыккан. Алар Советтердин бүткүл россиялык 2-съездин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенишкен: «Ата журтту жана революцияны аман алып калуу комитетине» киришкен; Керен­ский-Краснов козголоңун колдошкон; Брест тынчтыгына жана Совет бийлигинин бардык иш чараларына каршы чыгышкан; ак гвардиячылар жана империалисттер тарабында Гражд. согушка катышкан; антисоветтик «өкмөттөрдүн» составына киришкен. Бунд да меньшевиктер менен бирге аракеттенген. 1918-ж. 14-июлда ББАК контр-революциячыл иштери үчүн меньшевиктерди жергиликтүү Советтердин жана өз составынан чыгарган. Жаңы экономикалык саясатка өтүүдө меньшевиктер эсерлер менен бирге кулак козголоңдорун идеялык саясий жактан жетектеген; ишканаларда саботаж уюштурууга. Кронштадттагы козголоңго катышкан. Пролетариат диктатурасы органдарынын соккусунан жана массада жөлөк-таянычы жоктон улам меньшевиктер партиясы тарап кеткен. Меньшевиктердин биротоло талкаланышы демо­кратия менен социализмдин закон ченемдүү жеңиши болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.