Механотерапия

Википедия дан

Механотерапия (механика жанa те­рапия)— атайын аппаратта дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруудан турган дарылоо методу.

  • Ал кээ бир муундардын кыймылын жакшыртат. Врачтык Механотерапияга швед врачы Г. Цандар (18351920) негиз салган. Түрдүү системадагы аппараттар муун кыймылынын физиологиясына негизделип колдонулат.
  • Механотерапияда кыймыл бул же тигил муун жанa булчуң тобуна так ылайык болуш керек.
  • Аппараттагы жүктү көбөйтүү же азайтуу менен муунга таасир этүүчү күчтү өзгөртүүгө болот.
  • Механотерапия таяныч-кыймыл системасынын айрым белүктөрүн дарылоодо айыктыруу физкультур асы менен бирге колдонулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.