Микроорганизмдер генетикасы

Википедия дан

Микроорганизмдер генетикасыгенетиканын бөлүгү.

Ал бакте­рия, вирус, козу карын ж. б. микроорганизмдердин тукум куугучтук жана өзгөргүчтук белгилерин изилдейт. Менделдин мыйзамдары жана тукум куугучтуктун хромосомалык теориясы 1940-жылга чейин микроорганизмдер үчүн колдонулган эмес, себеби аларда ядрочо болбойт деп эсептелген.

Азыр микроорганизмдер генетикалык изилдөөлөрдүн объектиси болуп калды. Амер. окумуштуулар О. Т. Эйвери. К. Мак-Леод жана М. Маккарти пневмококктун тукум куучулук материалдык негизин дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК) алып жүрөрүн далилдешкен. 1946-ж. бактерияларда жыныс процесси (конъюгация) болору ачылган. Конъюгация жүргөндө бак­терия клеткалары бири бирине жакындашып, жыныс факторлору менен кошулат.

Жыныс фактор аркылуу до­нор клеткасынын генетикалык материалынын бир бөлүгү реципиент клеткасына өтөт. Донордук ДНК менен реципиент клеткасындагы ДНКнын белгилүү бир бөлүктөрүндө окшош алмашуу, же алардын ортосунда кайчылашуу жүрөт. Бул учурда гендердин комбинацияланышы байкалып. бактериялардын өзгөргөн жацы белгилери пайда болот. Бактериядагы гендердин комбинацияланышы же болбосо орун алмашышынын башкача жолу — трансдукция.

Ал бакте­риофаг менен бактериянын өзгочө спм- биоздук жашоосунан келип чыгат. Мындай симбиоздук жашоо лизоге­ния деп аталат. Лизогендик бактерияларда фагдардын ДНКсы бактериянын ДНКсыньш кандайдыр бөлүгүнөн орун алат да, фаг жашырынган түрдө жашай берип, бир канча убакыт тукумдан тукумга өтүп жүрө берет. Кээ бир учурда профагдар бактериянын ичинде көбөйүп, бактерияны кыра баштан, экинчи бир бактерияга алып келет да, жацы белгилерди пайда кылат. Бактериялардын жыныс процессинин дагы бир түрү — трансформация жүргөн убакта генетикалык материалдык алмашууга жыныстык фактор катышпайт.

Бул учурда гендердин комбинация- ланышы бир клетканын ДНКсьшын бөлүгү экинчи бактерияньш ДНКсынын бөлүгү менен алмашуудан пайда болот. Микробиология о. ж-нын өсү­шү менен микроорганизмдер селекциясы да пайда болду. Натыйжада мпкроорханизмдердин жацы формалары пзилденип, антибиотик, аминокисло­та, витамин ж. б. биол. активдүү заттарды чыгаруу кобөйдү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.