Микроспоридиоз

Википедия дан

Микроспоридиоз— балыктын жөнөкөйлөр — микроспоридиялар пайда кылуучу оорусу.

Микроспоридия ба­лыктын ичегисине жипчеси аркылуу жабышат. Амёба сымал түйүлдүгү капиллярга кирип, кан менен органдарга жанa ткандарга тарайт, көбөйөт. Териде, ички органдарда ж. башкаларда 2—20 дай ыйлаакча пайда болот. Ылаңдын диагнозу клиникалык, патолого-анатомиялык белгилердин жанa микроскоптук изилдөөлөрдүн негизинде коюлат.

Профилактика: балык өстүрүүчү чарбалардагы дарттуу балыктарды кармоо, көлмөлөрдү тазалоо, дезинфекциялоо

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.