Миксоматоз

Википедия дан

Миксоматоз - коёндун вирус ылаңы. Ж. Санарелли Уругвайда 1898-ж. байкап. сыпаттап жазган.

Көбүнчө Америка, Австралияда кездешет. Миксоматозду чиркей, желимчи, бүргө ж. б. таратат. Ылаң жуккандан 4—6 күндөн кийин көзү сезгенет. жаш агат, ириңдеп. чылпак басат. Башынын, жыныс органдарынын териси шишип, кулагы шалпаят. Ылаңдаган коён тез арыктап, 6—12 күндөн кийин өлөт. Айыккан коёндо туруктуу иммунитет пайда болот. Миксоматоз чыккан чарбага ка­рантин жарыяланат. Ылаңдуу жана шектүү коёндун эти, териси өрттөлөт, короо-сарай дезинфекцияланат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.