Мирлан Бакиров

Википедия дан
Мирлан Бакиров
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
(милдетин аткаруучу)
желек
желек
10-октябрь, 2020 — 13-октябрь, 2020
Өкмөт башчысы: Садыр Жапаров
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Мыктыбек Абдылдаев
Андан кийинки: Канатбек Исаев
 
Дини: ислам
Туулган жери: Кызыл-Үңкүр, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССР
Партиясы: Республика (2010-2015)
Өнүгүү-Прогресс (2015 — 2020)
Мекеним Кыргызстан (2020 — а. у)

Мирлан БакировКыргызстандык саясатчы. "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча ЖК комитетинин мүчөсү (2010-2015). "Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган (2015-2020). "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынын төрөгасы (2020-а.у). Мамлекеттик кызматтын 3-кластагы мамлекеттик кеңешчиси.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мирлан Бакиров 1975-жылы 11-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин бүтүргөн. Эмгек жолу:

  • 1996-1998 — Мамлекеттик салык инспекциясынны Жалал-Абад облусу боюнча акциздер бөлүмүнүн инспектору
  • 1998-1999 — "Корпорация "Жалал-Абад" АКнын башкы эсепчиси
  • 1999-2003 — Жалал-Абад облустук каржы башкармалыгынын жетектөөчү адиси, бюджеттик бөлүмдүн башчысы
  • 2003-2005 — "Марьям и Ко" ЖЧКнын директорунун орун басары
  • 2005-2010 — "Дан-Юг" ЖЧКнын директору
  • 2010, октябрь — "Республика" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча ЖК комитетинин мүчөсү.
  • 2015, октябрь — "Өнүгүү — Прогресс" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]